Айбат » Роза Отунбаева өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууда эски бийликти күнөөлөдү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Роза Отунбаева өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууда эски бийликти күнөөлөдү

Бакиев КурманбекӨткөөл мезгилдин президенти жана убактылуу өкмөттүн мүчөсү Роза Отунбаева анын атына шек келтирип, жалган маалымат таратып аткандарды сотко бере тургандыгын билдирди.

“Бийликте отурган бир да жоопкерчиликтүү адам жоопкерчиликсиз билдирүү жасоого бел байлай албайт, же ал коомдук кызыкчылыгын көздөбөйт”,- деди ал.

Белгилей кетсек, жогорку бийлик бутактарында отурган булактар Караколдо болгон митингдин артында, Эмилбек Каптагаев, Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева жана Өмүрбек Бабанов турганын билдиришкен болчу.

Роза Отунбаеванын айтымында, ал учурдагы бийликти колдойт жана аны кулатууга ниети жок.

“Митингдердин артында ким турушу мүмкүн? Мурдагы бийлик өлкөнүн экономикасына жолтоо болгон бизге эки “мурас” таштап кетти: июнь окуясы жана “Кумтөр” долбоору. Июнь окуялары тууралуу айта турган болсок, биз андан өтө алдык. Бирок, анын таасири азыркыга чейин сезилип атат. Ал эми “Кумтөрдөгү” абалды өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоол болуу үчүн кайтадан чайкап атышат. Буга мурдагы бийликтин бардыгы кызыктар: мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын туугандары, жакындары жана санаалаштары”,- деди Отунбаева.

Ал эми өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга мурдагы убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Эмилбек Каптагаевдин, Өмүрбек Текебаевдин жана Азимбек Бекназаровдун тийиштиги бар деген маалыматка президент айым мындай жооп кайтарды: “Мен жоопкерчиликсиз билдирүү жасагым келбейт. Бекназаров саясий сценада көрүнбөйт, биз өзүбүз көргөндөй Каптагаев кечээ митингчилердин курмандагы болду. Текебаев “Кумтөр” боюнча өкмөт менен болгон меморандумга макул эместигин элге айтып чыкты”.

Отунбаева ошонжой эле баш аламандыктар кимдерге пайдалуу болушу мүмкүн? деген суроого Өмүрбек Суваналиев тарабынан уюштурулуп аткан “Каршылык көрсөтүү кыймылына” акыркы убакта ар кандай жол менен өзүн көрсөткүсү келип атат,- деген жооп узатты.

Булак: kyrgyz.vb.kg/231844




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru