Айбат » Бишкек шаарында жаштар чөйрөсүн адистештирүү окуусу башталды (фото)

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бишкек шаарында жаштар чөйрөсүн адистештирүү окуусу башталды (фото)

IMG_3468Учурда, Бишкек шаарында КРнын эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жана Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Жаштар үчүн жаркын келечек» долбоору ортосундагы кызматташуунун алкагында «Жаштар чөйрөсүн адистештирүү: жаштар менен иштөө боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу» программасы «Мамлекеттин байлыгы» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат.

Маалыматка таянсак, окуулар ушул жылдын октябрь айынан башталып 10 ай аралыкта өткөрүлөт. Аталган окуу Германия эл аралык кызматташтыгы коомунун «Жаштар үчүн жаркын келечек» долбоору аркылуу Германия өкмөтүнүн каржылоосу менен ишке ашырылууда. Окууда пилоттук аймак катары Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустары кирген.

Ар бир облустардан тандалып алынган жаштар менен тыгыз кызматташып бирге иш алып барган бейөкмөт уюмдардын жана жаштар борборлорунун жаш активистери ар бир ай сайын ар багыттагы тармак менен окуудан өтүшөт. Жыйынтыгында аталган долбоор аркылуу окуудагы ийгиликтери менен жер-жерлерден келген жаш активистер өздөрүнүн аймагына багытталган чакан долбоорлорду ишке ашыра алышат.

Учурда, окуунун баштапкы туру башталып, жаштар башкаруу жана уюштуруучу тармактарды, жаштар иштери боюнча багытталган иштерди жана коомчулук менен бекем кызматташууну, жаштардын стратегиялык башкаруу координациясын жана техникалык билим берүү перспективасын жогорулатуу менен бир катар жаштар иштерин эффективдүү ишке ашыруу максатында окуудан өтүп жатышат.

Мурадылов АзатАзат Мурадылов

Окуунун уюштуруучуларынын бири

«Мамлекеттин байлыгы» коомдук бирикмеси (ОО Достояние Республики)

Квалификацияны жогорулатуу боюнча адиси

Жаштар чөйрөсүн адистештирүүгө багытталган окуу семинары октябрь айынан баштап 10 ай аралыкта жүргүзүлөт. Окууга пилоттук аймактар катары Чүй,  Нарын жана Ысык-Көл облустарынын жаштары тартылып учурда окуу жүрүп келет. Аймактардан келген жаш активисттер жакшы тартипте катышып, өз билим деңгээлдерин жогорулатып, көп тажрыйба топтоп жатышат.

Келечек муунубуз болгон – жаштардын мындан аркы максаттарын өз ооздорунан уксак:

Сиздер окуп жаткан окуудан кийин кандай багытта иш алып барасыз?

Темирканова Индира1.Темирканова Индира

Чүй облусу, Ысык-Ата району Красноречка жаштар борборунун жетекчиси

Негизи бул окуу абдан жакты. Жаштар иштери боюнча адистикти жогорулатуу азыркы муундун жаштарына эң керектүү багыт. Биз окуудан алган билим тажрыйбабызды, үйрөнгөн билимибизди өз жерибиздеги жаштарга барып кеңири талкуулайбыз жана аларга үйрөтүү үстүндө болобуз. Жаштар борборлору дайым жаштар үчүн иш алып барып коомдо орду чоң болгондуктан биз жетекчилер жана уюштуруучулар өзүбүз активдүү болуубуз керек. Ошондуктан мындай окуулар көп болсо деген үмүтүбүз бар. Уюштуруучуларга ыраазычылык билдире кетишибиз керек.

Баркалбасов Акылбек2.Баркалбасов Акылбек

Ысык-Көл облусу Чолпон-Ата шаары

Аймактык коомду өз алдынча башкаруу комитетинин өкүлү

Жаштар, башкаруу жана уюштуруучу тармактарды күчтүү билип жаштар иштери боюнча тажрыйбаны жогорулатуу керек. Жаштар дайым коомчулук менен бекем кызматташууну жана техникалык билим берүү перспективасын жогорулатууну үйрөнүшүбүз керек. Учурда бул жаатында билим алуудабыз, алган окуу тажрыйбабызды жерибизде жаштар менен бирге ишке ашырабыз.

Джумагулов Бекзат3.Джумгалов Бекзат

Чүй облусу Токмок шаары

Токмок жаштар кеңешинин тең төрагасы

Окуу абдан жакты, жаштар үчүн билим деңгээлди жакшыртуу багытындагы бул окуу жогорку деңгээлде өтүп жатат. Алган билим тажрыйбабызды Токмок шаарындагы жаштар менен бирге тыгыз кызматташтыкта ишке ашырып баштайбыз. Окуудан алган толук билимди эл үчүн колдонобуз. Окуунун жыйынтыгында өзүбүздүн чакан долбоорубузду жазып ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болгондуктан терең билим алып, тажрыйба топтоо биздин милдет. Уюштуруучуларга жана каржылап бул долбоорду ишке ашырган уюмдарга ыраазычылык билдирем. Окууну терең багытта өткөрүп жатышкандарга чоң рахмат айтып кетем.

Асылбеков Жаныбек4.Асылбеков Жаныбек

Нарын облусу Ак-Талаа району

«Ак-Талаа жаштары» коомунун төрагасы

Биз алган билимибизди, бул жерден алган тажрыйбабызды өз аймагыбыздагы жаштарга үйрөтүп аларга туура багыттагы иштери жасайбыз. Бул окууда жаштар иштери  боюнча адистикти жогорулатуу жана жаштар менен иштөө тармагын күчөтүү болгондуктан окуудан кеңири билим алуудабыз. Окуунун жыйынтыгында өзүбүздүн жазган чакан долбоорубузду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алуубуз абдан жакты. Негизи жаштар үчүн ар кыл багыттагы окуу семинарлар көп болуусу керектелет.

Ашымова Асел5. Ашымова Асел

Чүй облусу Аламедин району

Маевка жаштар борборунун жетекчиси

Бул окуудан алган тажрыйбамды, билим деңгээлимди жерибиздеги жаштар борбрундагы активисттерге үйрөтүп алардын билим деңгээлин жогорулатканга аракет кылам. Мен үчүн ар тармактан билим алуу эң чоң өзгөрүлүш ошондуктан учурундагы мүмкүнчүлүктөрдү убагында керектеп алуу.

Жапаров Адис6. Жапаров Адис

Нарын облусу Жумгал району

Миң-Куш айылдык жаштары коомунун жетекчиси

Биздин район алыскы жана тоолук аймак болгондуктан биздин жаштар жумушсуз, жериме барганда бул жерден алган билим тажрыйбамды өз жеримдеги жаштарга үйрөтүп стратегиялык башкарууну камсыз кылам. Негизи жаштар иштери боюнча адисдер жетишсиз.

«Жаштар чөйрөсүн адистештирүү: жаштар менен иштөө боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу» боюнча окууга катышып жаткандар:

Темирканова Индира Чүй облусу “Красноречка” жаштар борбору, Куракина Вера Чүй облусу “Мамлекеттин байлыгы” КБ (ОО Достояние Республики), Ботоева Камила Ысык-Көл облусу “АСKG (American Camer in Karakol), Байгабылова Жаңыл Ысык-Көл облусу “Форфард” КБ, Асаналиев Мирбек Нарын облусу Жумгал району “Жумгал KG” КБ, Нарын облусу Жумгал району Жапаров Адис “Миң-Куш жаштар уюму”, Боогачиев Алтынбек Чүй облусу “Калыс Ордо” жаштар борбору, Жанузаков Чыңгыз Ысык-Көл облусу Ак-Суу району “Жаштар борбору”, Молдокунов Кубат Ысык-Көл облусу Ак-Суу району “Жаштар борбору”, Турсунбаев Бакыт Ысык-Көл облусу Ак-Суу району “Жаштар борбору”, Өмүргазиева Айсулуу Нарын шаары “НЦЭР” КБ, Бейшенбек уулу Токторбек Нарын облусу “Жумгал KG” КБ, Макеев Максат Ысык-Көл облусу, Кызыл-Суу району “Кыргызстан жаштар кеңеши” КБ, Асылбеков Жаныбек Нарын облусу Ак-Талаа району “Ак-Талаа жаштары” КБ, Өмүрназаров Мирлан Нарын облусу Ак-Талаа району “Ак-Талаа жаштары” КБ, Эркинбек уулу Сыргак Бишкек шаары “Move Green”, Асанбаев Асылбек Нарын облусу “Нарын Лидер жаштары” КБ, Джумгалов Бекзат Токмок шаары “Токмок жаштар борбору”, Койчуманова Акылай Бишкек шаары КГУСТА, Темирова Таазима Нарын “Жаш Данакер” КБ, Ашымова Асель Чүй облусу Маевка жаштар борбору, Стыценко Анастасия Ысык-Көл Каракол МВО “Лидерство”, Баркалбасов Акылбек Ысык-Көл Чолпон-Ата “Жаштар борбору”, Медетбаев Кайрат Ысык-Көл Чолпон-Ата шаары МТММ КР, Жэнбекова Бегайым Нарын шаары “Маалымат борбору”…

Автор: Мирбек АсаналиевКелечекте жаштар иштери боюнча адистикти алып мындан ары жаштар менен тыгыз кызматташып жүрө бериңиздер!Бардык катышуучу жаштарга ийгилик каалайбыз.

IMG_3124
IMG_2949
IMG_3468
IMG_3442




Башка окшош макалалар:

4 комментарий

  1. Автор сопсонун эле билет Нарын деп чоң жазганың менен деле кичкий тамга болуп калып атат. 1 эмес 2-3 жолу оңоп көрдүм. Анча не башка деле көйгөй таап алчу буга асылбай

  2. Нарындык:

    мен авторго наразы болупатам!
    Нарындан болом жана сайт иштетем, анан меткаларда эмнеге Нарынды майда тамга менен жазган? Автор грамматиканы билбейби?

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru