Айбат » Сотто бир катар чыр-чатак чыгарган н.түлеевдин тарапташтары кармалды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Сотто бир катар чыр-чатак чыгарган н.түлеевдин тарапташтары кармалды

Нариман Түлеев«Кыргыз эл баатыры» коомдук уюмунун төрагасы Аманбол Бабакулов, жакын туугандарынын суранычы боюнча Нариман Түлеевдин жактоочусу, Запар Кайназаровду коргоо тобундагы 1959-жылы туулган бир аял Ленин райондук сотунун имаратынан кармалды. Бишкек ШИИБ басма сөз кызматы маалымдагандай, Ленин райондук сотунун судьясы Аман Сариев Н.Түлеевдин, Бабакуловдун иши боюнча чечим чыгаргандан кийин судьяга системалуу түрдө кирип, чыр-чатак чыгарышкан. Алар кайрадан мурунку күнү Ленин райондук сотуна келишкен. Соттун канцеляр катчысы алардан тынч болуусун өтүнгөн, бирок ал жогоруда аталган аял суу толтурулган бөтөлкө менен кызды башка коюп жиберген. Буга байланыштуу катчы кыз Ленин РИИБне арыз жазган. Андан соң Бабакулов жана ал аял кармалышкан. Аларды Биринчи май райондук сотуна баш коргоо чарасын угузуу максатында алып келишти.

Айбат гезити №49




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru