Айбат » “Жөндөмсүз кокуй” болсоң да депутат агаң бар болсун

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Жөндөмсүз кокуй” болсоң да депутат агаң бар болсун

Жумабаев АкылбекАкылбек Жумабаев Жарандык авиациянын башчысы кызматына 2012-жылы депутат агасы Эркин Алымбековдун амири менен келген. Ал бул аралыкта колунан “пок” келбегенин далилдеп, аны өкмөт колунан жетелеп сыртка чыгарып койгон. Акылбектин жөндөмсүз, өз ишин билбегенинен улам Транспорт министрлигиндегилер “жөндөмсүз кокуй” деп атап алыптыр.

Бул “жөндөмсүз кокуйдун” айынан бир топ калпыстыктар орун алган экен. Алсак, 2012-жылы өзбек кесиптештери менен “Бишкек-Ташкент” каттамында өлкөнүн кызыкчылыгын коргой албай, эл ташыган кызматты коңшу өлкөнүн компаниясына алдырыптыр. Бул “баатырдыгы” үчүн тиешелүү жетекчилерден сөгүш да жарыяланган. Анын мындай калпыстыгы кийинчереек министрликтин катуу кийлигишүүсү менен жокко чыгарылган. Ошентип, Акылбектин айынан мамлекетке түшчү салыктар бир топ кыскарган. Ошондой эле Бишке-Москав-Бишкек, Ош-Москва-Ош каттамдарын түзүүдө да мамлекеттин кызыкчылыгы корголбой калган дейт.

Дагы кызыгы, А.Жумабаев депутат агасына таянып, өкмөттүн токтомдорун уруп да ойнобочу экен. Министрлер кабинети чыгымдарды кыскаруу максатында чет элге болгон сапарларды кыскартууну тапшырса, Акылбек мырза 14 жолу министрликтин уруксатысыз башка мамлекеттерде тайраңдап келиптир. Же бул сапарларынан жыйынтык чыксачы. Министрликтин сөзүн да укпай, каржы тармактарына өз жакындарын алып келген. Алсак, агенттиктин башкы эсепчиси катары эмгек стажы туура келбеген инисин кызматка алган. Ошентип, өлкөнүн эң маанилүү тармагы болгон Авиация департаменти талкалануу коркунучуна кептелген. Муну байкап калган өкмөт  “жөндөмсүз кокуйду” кызматтан алып кутулган.

Эми болсо буга таарынган агасы Эркин Алымбеков жалпы өкмөттүн отставкасын талап кылып чыкты. Кокус коалиция тарап, “Ата Мекен” катышкан жаңы бирикме түзүлө турган болсо “жөндөмсүз кокуй” кайра эле майлуу кызматка келерине бөркүндөй ишениңиз.

Айбат гезити №49



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru