Айбат » Таластан Суваналиевге «коёндун» сүрөтүн тарттырыштыбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Таластан Суваналиевге «коёндун» сүрөтүн тарттырыштыбы?

коёнБир нече күндөн бери «Революциянын башаты дайыма Таластан башталат» деп таластык туугандарга жагынуунун аракетин көрүп, «демөөрчүлөрүнөн» алган акчасын катыра акташ үчүн үлкөн митинг өткөрүп, өкмөттү отставкага кетирем деп чамынып жүргөн «Каршылык Көрсөтүү Кыймылынын» лидери Өмүрбек Суваналиевди Таластын эли борбордук стадиондон кууп чыгышканы маалым болду.

Эске сала кетсек, «7000 адамды топтойм» деп тоону томкоруп жаткансыган Суваналиевдин митингине баш-аягы 200гө чамалуу эл келгени кабарланган. Анын дагы жарымысы тартип сакчылары болгон милиция кызматкерлери экен.  Суваналиев мырза митингдин шаанисин чыгаруу үчүн ырчы-чоорчуларды да чакырып койгон экен, күнү-түнү тыным жок иштеген милиция кызматкерлери бүгүн бир жыргап эс алышып, бекер концерт көрүп кетишиптир.  Ырас митингдин башында Өмүрбек Суваналиев сөз баштап, адатынча «узурпация» тууралуу «обонун» созолонтуп, андан кийин көлөкөсүндөй кылып ээрчитип алуучу, тактап айтканда кайсыл жакта митинг болсо, ошол жакта жүрүп, анча-мынча «дардаңдарды» тосмодон секиртип коюучу өнөрү бар Кубатбек Кожоналиевге сөз бериптир. Ал дагы эски обондорун «созуп» баштаган экен, митингге келген эл кыжыры кайнап, сөзүн аягына чыгарбай ышкырыктарды ызылдата «созушуп», Суваналиевди алдына салып, калган «кыймылчыларды» артынан түшүрүп стадиондон кубалап чыгышкан.

Кабагы карыш салынган Суваналиев азыр «Демөөрчүлөрүмө эмне деп айтам» деп башын чеңгелдеп туру дешет. Мунун баары аз келгенсип, «кыймылчылардын» мамлекетке каршы кыймылдап жаткандарына табийгат да жаалы келип, нөшөрлөп жамгырын төккөн экен, «кыймылчылардын» бардыгы «сууга түшкөн чыйп-чыйптай» болушуп шөмтүрөп, тагдырларына нааразы болуп турушат дешет.

Айбат гезити №49




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru