Айбат » Суваналиев президент болгондо, туугандары менен бийликти накта узурпация кылмак экен!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Суваналиев президент болгондо, туугандары менен бийликти накта узурпация кылмак экен!

Суваналиев«Каршылык Көрсөтүү Кыймылынын» лидери Өмүрбек Суваналиев президент бийликти узурпациялап алганын айтып айкырып чыккан эле. Ал эми көзкарандысыз эксперттер мындай дооматты четке кагышканы белгилүү. Ошого карабастан, Суваналиев жер-жерлерде митингдерди уюштуруп, бийликке каршы күрөшүн токтотпой келет. Анын бул аракети «өз башындагы төөнү көрбөгөн, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт» макалын эске салат.

Себеби, «президент узурпациялап алды» деп ач айкырык салган генерал оппозицияда турганына карабастан кандаштарын майлуу-сүттүү кызматтарга отургузууга жетишиптир. Мисалы, мамлекеттик бажы кызматынын төрага орунбасары Жеңишбек Исаков Өмүрбек Исааковичтин кара чечекей тууганы болот. Ал эми дагы бир тууганы Болот Суваналиев мамлекеттик маң затты көзөмөлдөө агенттигиндеги башкы башкармалыктын жетекчиси. Самсалы Суваналиев көп жыл бою мамлекеттик бажы кызматынын төрага орунбасары, акыркы убакта Эмгек министрлигинде эмгектенген. Бул көзгө көрүнгөндөрү гана, көзгө көрүнбөй, майлуу кызматтарда чалкалап отурган туугандары канча дейсиң.

Анан Суваналиевдин өзүнүн туугандарын эсепке албай, «узурпация эле узурпация» деп жер сабаганына жол болсун! Ал эгер кокусунан өкмөткө келсе туугандарын министр, губернатор кылып, узурпациянын накта генералдык түрүн көрсөтөт го? Кудум кандуу президент Курманбек Бакиев туугандарын, уулдарын кызматка койгондой. Суваналиевдин кыймылын Бакиевдер каржылайт деген версияны эске алсак, анын туугандарынын жооптуу кызматтарда отурушу, бийликти күч менен болсо да басып алууну көксөгөнү – анын Бакиевдердин планы менен бара жатканын ашкерелебейби?

Анын үстүнө Бакиев бийликти каалагандай узурпациялап, тууган-туушкандары менен биргеликте элдин канын соруп отурганда, Суваналиев оозуна талкан толтуруп алгансып унчукпай, Наргозуев экөө тоодо кийик атып жүрүшкөн. Сайрандап.

Жогорудагы көрүнүш азыркы бийликтин демократиянын принциптерин – «агасы үчүн иниси, атасы үчүн баласы жооп бербейт» принцибин тутунарын айгинелейт. Эгер Бакиев доорунда Суваналиев ушинтип «ойдолокточу» болсо бир туугандары кызмат түгүл кара жанын арачалай албай, алды түрмөдө, арты чет өлкөгө безе качып кутулмак…

Айбат гезити №49



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru