Айбат » Эшектен акыл сураган “Шрек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Эшектен акыл сураган “Шрек”

Сатыбалдиев ЭлмурзаАмериканын “Шрек” аталыштагы мультфильмин көрбөгөн жан болбосо керек. Ошондогу башкы каарманы Шректи дайыма эшек коштоп жүрөт эмеспи. Мультфильмге жакшылап баам салсаңыз: Шрек менен эшек кээде уруша кетишип, көпчүлүк учурда эшек Шрекке акыл айта берип мээсин тегеретет го. Бул мультфильм болгону менен, андагы сценарийлер бүгүнкү турмушубузга бап келип калганын карабайсыңбы! Бир чети тамаша, бир чети “чындыгына жараша” дегендей, кыргыз саясатчылары бири бирин шакаба чегип, “каймана” ысым ыйгарып коюшат. Мисалы, ЖК депутаты Алтынбек Сулаймановду “Челюсть” дешсе, Камчыбек Ташиевди “кара чотур чоң муштум” деп “эркелетишет”. Ал эми мурдагы Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевди “Шрек” деп “тергери” жалпыга маалым. Кудум мультфильмдегидей Элмурза Ракыевичти дагы тегеректеп, ага акыл айтып, аны “байдын эрке кызындай” мактап, анын чет өлкөдө окуган кызынан бери пропагандалап жиберген мурдагы “Учур”, азыркы “Азия-Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев аттуу кесиптешибиз бар. Убагында Сатыбалдиев Сартбаевге “Учур” гезитин 20 миң сомго сатып берип, ошол эле учурда айына 3-4 миң доллардан берип, каржылап келери айтылып жүрөт.

Элмурза мырза менен Асланбекти эмне байланыштырат десеңиз, баяы эле атын өчкүр пиар. Кесиптешибиз акесин мөртү келсе деле, келбесе деле көкөлөтө мактап, “элдик баатырга” теңеп койсо, дерделеңдеген неме капчыгындагы “долларбайларды” чачпай жаны жокпу? Чачат. Бирок, Сатыбалдиев деле оңой “жоо” эмес, өзүнө жакпаган саясатчыларды “Учур”, “Азия-Ньюс” аркылуу “көөлөтүп”, ар кыл ушактарды таратып турат. Кээде элирип кеткенде өзүн адам кылган, Башкы прокурорлукка чейин жеткирген Бакиевдердин тоюнан тартылган сүрөттөрдү Асланбек аркылуу жарыялатып жиберет. Мындайды кыргызда “суу ичкен кудугуна түкүрүп” деп сүрөттөп коюшат. Эгер Асланбек акылдуу болгондо, Элмурза акесин мындайга түртмөк эмес. Кудум “Шректеги” башкы каармандар эшек менен Шректин образы көз алдыга тартылат.

Эркектердин табияты ушундай: кылтылдаган, суйкайган сулууну көргөндө эле шилекейибиз агып, нес болгон немедей катып калмайыбыз бар. Ашык болгон перибизге жетмейинче жаныбыз тынбайт. Бул жагынан Элмурза Сатыбалдиев алдына ат салдырбайт дешет. “Учурдун”, “Азия-Ньюстун” биринчи бетине чыккан модельерша, ойсоке ырчылардын көпчүлүгү Элмурза акебиздин элегинен өтөрү чынбы? Аларды торго түшүрмөйдү, кыргызча айтканда, “жеңелик” милдетти Асланбек аткарары кандай?

Сөзүбүздү ушул жерден токтото туралы, убагы келгенде бул теманы улантабыз…

Айбат гезити №49



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru