Айбат » Кыргызстандын 27-башканынын тагдыры качан чечилет?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Кыргызстандын 27-башканынын тагдыры качан чечилет?

Сатыбалдиев ЖантөрөАкыркы маалда Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин отставкасын талап кылгандар четтен чыкты. Ал ортодо депутат Э. Алымбеков өкмөттүн отставкасы үчүн кол топтой баштады. Айрымдары колдоого алып, ишин улантуусуна макулдугун көрсөтүп келет. Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн бир бөлүгү ишенбөөчүлүк көрсөтсө, өкмөт отставкага кетүүгө мажбур болот экен. Андыктан айрымдардын бул багыттагы пикирлерине орун берсек.

 Жогорку Кеңештин депутаты,  КСДП фракциясынын лидери Ч.Турсунбеков өкмөттү отставкага кетирүүгө кол чогултуу боюнча чечимди колдобой турганын жана «Ата Мекенден» депутат Эркин Алымбековдун өкмөттү отставкага кетирүүгө кол чогултуу тууралуу чечимин колдобой турганын  10-октябрда  билдирди. Анын айтымында, азыр маселе өкмөттө эмес, «Кумтөр» боюнча меморандумга карата парламент кандай чечим чыгарат, ошондо», – деди ал. «Кандайдыр бир чечимди кабыл алыш керек», – деп кошумчалады.

“Республикачы” депутат Курманбек Дыйканбаев Жантөрө Сатыбалдиевди бир катар маселелерди чече албагандыгы үчүн отставкага кетүүсүн колдойт. Анткени, Ысык-Көл облусундагы Күрмөнтү аки-таш чыга турган кенибизге лицензия берип, күнүнө 35 тоннадан Кумтөргө сатып турса, канчалаган жарандарыбыз иш менен камсыз болуп, өзүбүзгө пайда түшмөк.  Бул ишти бир саатта эле аткарып койсо болмок.  Күнүнө 35  тоннадан акиташты Казакстандан кымбат баага алып келип жатышат. Ушул маселени чече албагандыгы үчүн Өкмөттү кетирүүгө добушумду берем” дейт депутат.

Ал эми  Ж.Сатыбалдиев отставкага кетсе, Кумтөр маселеси калып калат дейт  депутат З. Жоошбеков. Анын айтымында, бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. «Мен ойлойм, бул сүйлөшүүлөр дагы да уланат. Өкмөт парламент менен биргеликте элдин эң негизги табалын аткарып жатат, деп айтууга болот. Ооба, өкмөт өз учурунда макулдашууга кол коюп койгон, ошол кездеги чиновниктер өздөрүнүн колдору менен коюп жатышат. Бирок, мунун баары соттук тартипте гана чечилет. Биз деле соттошууга бара алабыз. Бирок өкмөт элдин кызыкчылыгы үчүн чечип жатат жана сүйлөшүү жүргүзүүдө. Айрымдар өкмөттү отставкага кетирүү тууралуу айтып жатат. Эгер Ж.Сатыбалдиев отставкага кетсе, Кумтөр проблемасы калып калат. Муну кимдир-бирөө болсо да чечиши керек да. Өкмөт бүгүнкү күндө бул маселени чечүүнүн варианттарын сунуштап жатат, бирок биз эмнегедир каршы чыгуудабыз. Ж.Сатыбалдиев айтып жатпайбы, сүйлөшүүлөр уланат, меморандум — бул расмий документ эмес, сүйлөшүүнүн баштапкы гана багыты, дагы уланат  деп», – деди депутат.

Муну менен катар ЖК депутаты Турсунбай Бакир уулу да өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча сунушка каршы чыкты. Ал мындай деди: «өкмөттүн отставкасы менен бүгүн башкалар утат. Премьер-министр бүгүн өзү айтып жатпайбы, эгерде биз тапшырсак, ал «башка варианттарды табам» деп».

Ал ортодо Таласта Өкмөттүн отставкасын талап кылгандар да чыкты. Ошондой эле “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев  “Урматтуу депутаттар, бул (Ж.Сатыбалдиев) эртеден бери эле бизди “меморандумду кабыл албасаңар колу-бутуңарды байлап туруп парламентти таратам. Кабыл албаганда кайда барасыңар?” деп жатат. Сен бизди антип коркутпа. Биз баары бир меморандумду кабыл албайбыз. Ар бирибизди бирден пушка менен атсаңар да силердин меморандумду колдобойбуз! Конституцияны түзгөн адам катары айтсам, өкмөт башчы Президент менен сүйлөшүп алганда  гана парламентти тарата алат. Анда Президент экөөң сүйлөшүп алгансың го! Урматтуу депутаттар, премьер министр менен президент сүйлөшүп алып бизди таратканча күтүп олтурбай, бүгүн эле саат  5 ке чейин өкмөттү отставкага кетирбейлиби!”, –  деп айтты Ө.Текебаев.

Айрым серепчилер жана саясий чөйрөдө Кумтөрдүн маселеси менен өкмөттү отставкага кетирүү сценарийи болуп жатканы айтылууда. Белгилей кетсек, Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандагы 27- баш бакан.  Ал эми 26-баш бакан Өмүрбек Бабанов бир аргымактын айынан бул кызматынан кол жууган.

Айбат гезити №49



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru