Айбат » Э.Каптагаевди барымтага алып, кармап турган автоунаа Садыр Жапаровдун карындашына катталган экен

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Э.Каптагаевди барымтага алып, кармап турган автоунаа Садыр Жапаровдун карындашына катталган экен

митингЭмилбек Каптагаевди барымтага алып кармап турган автоунаа Кыргызстандын парламентинин экс-депутаты Садыр Жапаровдун карындашы Салтанат Жапаровага катталгандыгы аныкталды. Бул маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын транспорттук каражат жана айдоочулук курамды каттоочуу департамент дагы бекемдеди.

Эске сала кетсек, 7-октябрь күнү Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында өкмөттүн өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алышып, «Фольксваген-Венто» автоунаасында бир нече саат бою кармашкан. Автоунаанын алдыък мамлекеттик номурун ошол күнү чыгарып салышкан.  Ошол күнкү окуянын күбөлөрү дагы Эмилбек Каптагаев отурган автоунаа Садыр Жапаровдун бир тууганына таандык экендигин ырастап жатышат.

«Митингдин катышуучуларынын биринин айтымында унаа алдын ала даярдалып, анын ээси унааны өрттөөгө да макулдугун берген. Унааны Жапаровдун туугандарынын баласы айдап келген, анын эсси Каракол шаарындагы Коенкөзөв көчөсүндө жашаган Салтанат Жапаровага (Садыр Жапаровдун карындашы) таандык» – деп билдиришти алар. Алардын маалыматы боюнча бул акцияга алар алдын-ала даярданган. Маселен, алар унаанын эшигинин кармап ачуучу (ручка) тетиктерин чыгарып коюшкан, эшиктерди ачылбай тургандай кылып бекитишкен. Анан милиция аларды курчап калганда Каптагаевди унаанын салонунан арткы отургуч тарабындагы айнегинен чыгарышкан.

Мамлекеттик каттоо кызматы бул алча түсүндөгү В 3025Р мамекеттик номурлуу «Фольксваген-Венто» автоунаасы «Кумтөр» келишимин денонсация кылуу керек деп кыйкырып жүргөн Садыр Жапаровдун бир тууган карындашына таандык экендигин ырастады. Буга чейин митингдин катышуучулары эгерде биздин талаптарды аткарышпаса автоунааны өкмөттүн өкүлү менен бирге өрттөйбүз деп билдиришкен. Жол көзөмөлдөө кызматынын райондор аралык каттоо-экзамен алуу бөлүмүнүн маалыматы боюнча автоунаа Адилет Элебесовго таандык. Ал 2010-жылдын 10-октябрында Салтанат Жапаровага генералдык ишеним каты менен сатып жиберген.

Айбат гезити №49



Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. айланайын калын эл!
    Ушундай чындык турганда афиристердин провокациясына алдырбайлы!
    Кату ойлонуп иш кылалы туугандар, булардын кир акчасына алданбайлы!
    Кумтор дечи, бирок жапаровдой калп патриотун созуно алданбайлы!!!

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru