Айбат » Э.Каптагаевди барымтага алуу боюнча кылмыш иши козголду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Видео, Кылмыш » Э.Каптагаевди барымтага алуу боюнча кылмыш иши козголду

Каптагаев ЭмилбекӨкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокурордун 1-орун басары Темирбек Бекмамат уулу билдирди. Андан сырткары ал милиция кызматкерлерине зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча да кылмыш иши козголгонун кошумчалады. “Ошондой эле 8-октябда Саруу айылында жолду тосуп, милиция кызматкерлерин сабап, алардын машинасын өрттөө фактысы боюнча да кылмыш иши козголду. Бул иштер боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”,- деди ал.

Башкы прокурордун 1-орун басары тынчтык митингинин бир катар белгилерин санап өттү. “Митинг качан тынч болот? Мыйзам боюнча башка бирөөнүн укугун тебелебей, коомдук тартипти бузбай, бирөөнүн ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирбей турган болсо гана тынч болот. Өкмөттүн өкүлүн барымтага алуу мыйзам бузуучулуктун эң жогорку формасы – кылмыш деп эсептелинет”,- деди ал.

Айбат гезити №49




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru