Айбат » Орусиядагы кыргыз мигранттарынын 13 проценттен ашыгы мыйзамсыз иштейт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Орусиядагы кыргыз мигранттарынын 13 проценттен ашыгы мыйзамсыз иштейт

13«КР миграциялык саясат концепциясын иштеп чыгуу маселелери» боюнча иликтөөнүн бетачарында Орусиядагы кыргыз мигранттарынын 13 проценттен ашыгы мыйзамсыз иштеп, жашашары айтылды.

Эксперт Максат Мамыркановдун айтымында, соцсурамжылоо мигранттардын көпчүлүгү (40 процентти) документтерин камдабастан эле жумуш издеп чыгышат, бул өзгөчө жаштарга тийиштүү. «Мигранттардын 18 проценти документтерди барчу жерге баргандан кийин эптейбиз деп ойлошот. Мыйзамсыз миграция көп экени көрүнүп турат. Ал арада мыйзам чегинде иш алып барган мигранттар саны да көбөйдү. Катталган мигранттар каттоо тартиби тууралуу жакшы маалымат алышкан (88,2 процент). Башкача айтканда, эмгек мигранттары акырындык менен мыйзамга баш ийип келатышат. Мигрантардын көпчүлүгү 75, 9 процентинин убактылуу каттоосу бар. Анан 13,4 проценти Орусияда каттоосу жок иштегендер», – деди ал. Анкеталык социологиялык изилдөөгө 860 киши катышкан. Ал Кыргызстандын шаарларында жана Москвада жүргүзүлгөн. Ошондой эле гастарбайтер үйбүлөлөрүндө, аба майдан, базар, темир жол вокзалдары жана Интернет аркылуу скайпта отургандар.

Айбат гезити №49




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru