Айбат » Митингдердин көмүскөдөгү «дирижёрлору» жаш муундардын жана мамлекеттин келечегин талкалоодо

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Митингдердин көмүскөдөгү «дирижёрлору» жаш муундардын жана мамлекеттин келечегин талкалоодо

Саруу«Такка отурсам» дегенде ак эткенден так эткен оппозициячыл саясатчылар мамлекетибиздин келечегине балта чаба турган мыйзамсыз аракеттерин биринин артынан бирин жасашууда. Мындай аракеттери менен алар мыйзамды сыйлабастык тарын гана көрсөтпөстөн, кыргыз элинин эзелтен келе аткан нарк-насилине да доо кетиришүүдө. Алар «Кумтөр» маселесин саясый куралга айлантып, бийликке баруунун бирден-бир жолу катары эртеңки күнү өлкө келечегин колуна ала турган жаш муундарды кара күч катары пайдаланууга киришти. Маселен, 7-8-октябрларда Ысык-Көл облусунда болуп өткөн башаламандыктарга, мыйзамсыз аракеттерге жалаң жаш балдар тартылган. Албетте, адаттарынча алдыларына аялзатын да салып алышкан. Бирок, негизги мыйзамсыз аракеттерди, маселен жол тозууларды, бийлик өкүлүн барымтага алуу, жулмалоо, автоунааларды өрттөө өңдүү аракеттер жаш балдар тарабынан жасалууда. 8-октябрь күнү эртең мененки саат 10 чамасында Саруу айылына 15-20нын тегерегинде жаш балдар чогулуп аларга сүйлөшүүгө келген Жети-Өгүз районунун милиция начальниги К. Жудеевди сабап коюшкан. Бийлик өкүлүнө, өзгөчө формачан өкүлдөргө кол салуу мыйзам боюнча өтө катаал жазага кириптер кылаары маалым. Бирок, мына ушундай кылмыштарга барып жаткан жаштар алардын аркасында турган айрым саясатчылардын «Эч нерседен коркпогула, артыңарда биз турабыз» деген көкүтүүлөрү менен болуп жатканы айтпаса деле түшүнүктүү. Андан соң чогулгандардын саны 300-350гө жетип Балыкчы- Бөкөнбаев Каракол жолун тозушканы маалым. Ал жерден Жети-Өгүз райондук прокуратурасынын кызматкеринин Honda Torneo үлгүсүндөгү автоунаасын оодарып, анысы аз келгенсип өрттөп салышкан. Мына ушунун өзү эле митингдерди уюштуруучулардын чыныгы максаттары эмнеде экендигин түшүндүрүп турат. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалган аракеттер бүтүн турган буюмдарды бүлүндүрүү аркылуу жасалбашы аштан бышык. Алар эптеп эле карапайым эл менен бийликтин ортосунда кагылышуу болуп кетишин күтүшүүдө. Мына ушул мыйзамсыз аракеттер боюнча Жети-Өгүз райондук прокуратурасы тарабынан бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголду. Маселен, 341-берене бийликтин өкүлүнө карата күч колдонуу, 174 берене мүлктөрдү атайылап жок кылуу, же ага жаракат келтирүү жана 234-бейбаштык беренелери боюнча. Албетте, ага чейин дагы Караколдогу мыйзамсыз аракеттерге карата кылмыш иши козголгон. Муну менен жаңыдан өсүп келе аткан жаш муундун өкүлдөрү өздөрүнүн өмүр-таржымалына орду толгус оор жоготууларды алып келишүүдө. «Мурда баланча жолу соттолгон» деген сөздүн өзү эле алардын келечегине жарака кетти дегенди түшүндүрөт. Мунун бардыгын абдан сонун түшүнүп турушса дагы оппозициячыл саясатчылар аларды атайылап кылмыштарга түртүүдө. Эртеңки күнү өз максаттарына жетип алса, алардын саясый оюндарынын курмандыктарына айланган жаштар алардын эсинен бат эле чыгып кетери турган иш. Анткени «Силердин ар бир жасаган аракетиңер үчүн биз жетишээрлик деңгээлде акысын төлөп бергенбиз» дешет. Ал эми келечегин талкалап алган жаштар ошондон ары кыйшык кеткен жолун оңдой албай, өмүр бою өкүттө калышаар. Андыктан бал тилдүү саясатчылардын тилине алданбай, ар бирибиз өлкө келечеги үчүн өз башыбыз менен ойлонсок жакшы болор эле…

Айбат гезити №49




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru