Айбат » Күнөөнү маркумга оодарган Жээнбеков суудан кургак чыккысы келгенде

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Күнөөнү маркумга оодарган Жээнбеков суудан кургак чыккысы келгенде

Жээнбеков Равшан“Өлгөн адамдын дарегине жаман сөз айтпайт” дейт кыргызда. Ал эми парламенттеги эркин депутат, Батыштын “кумири” Равшан Жээнбеков бир кездеги былыктарын өзүнүн Макаров аттуу маркум орунбасарына шылтап, “суудан таза, сүттөн ак” чыккысы келгенин ырастады. Буга парламенттин 8-октябрдагы отурумунда талкууланган “Кумтөр” темасы тирүү мисал.

Макаланы баштаардан мурда бир аз лирикалык чегинүү жасайлы. Туңгуч хан айым Майрам Акаева Равшан Жээнбековду адам кылып, кызматтан кызматка сүйрөгөнү эч кимге жашыруун эмес. Анын амири менен 2001-2004-жылдар аралыгында мамлекеттик мүлк фондун жетектеген. Равшанчиктин тушунда менчиктештирүү процесси космостук ылдамдыкта жүрүп, бала бакчалар, пансионаттар жеке адамдарга өтүп кеткен. Өзүн дагы унутта калтырбай, Таластагы мамлекетке караштуу эс алуу борборун, Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Асыл таш” пансионатын текейден арзан баада өзүнө каттатканга үлгүргөн. Мына ушунун бардыгына өзү кол койгону маалым. Мындай май талкандуу иштерди өзүм билемдик кылып жасабашы турган иш, апчеси Майрам Акаевага бриллиант талган сумка, шакектерди белек кылчу деген сөз ошондон улам чыкса керек.

Равшан Бабырбековичтин ашынган куулугун карабайсынбы: мамлекеттик мүлк фондун жетектеп турган кезинде “Кумтөр” боюнча 2003-2004 -жылдардагы келишимге кол койгондон качып, өзүнүн Макаров аттуу орунбасарына кол койдуртуптур. Муну 8-октябрдагы жыйында ачык айтты. Ал башкы прокурор Аида Саляновага: “Кумтөр” боюнча менин айыбым барбы жокпу, расмий түрдө ачык айтып коюңузчу?” деп кайрылганда, Аида Жеңишбековна: “Биз текшерип чыкканда, “Кумтөр” боюнча  келишимдерден сиздин колуңузду тапкан жокпуз. Сиздин ордуңузга ошол кездеги орун басарыңыз  Макаров кол койгон экен” деген жообун узатты. Эргип кеткен Жээнбеков: “Ошол кезде аң-сезимим, билимим менен атайын кол койгон эмесмин” деп өпкөсүн какты.  Карапайым кишилер: “Ааа, Равшан таза турбайбы” деген ойдо калышы ыктымал. Бирок, Жээнбеков канчалык актанбасын, анын кыяматтуу келишимге тиешеси бардыгы көрүнүп турат.

Биринчиден, кандай гана орунбасар болбосун, ал жетекчисинин макулдугусуз кадам таштабайт. Демек, Макаров Жээнбеков менен макулдашкандан кийин кол койгон десек туура болот. Балким Жээнбеков орунбасарын кол коюуга мажбурлагандыр?

Экинчиден, өзү кол койбогону менен жетекчи катары саясый жоопкерчилиги болот. Муну Жээнбеков билет деңизчи, тилекке каршы, Макаров келишимге кол койгондон кийин оо дүйнөгө аттанып кетип жатпайбы. Анын кандай жагдайда жан таслим болгонун айта албайбыз, эгер тирүү болгондо ал бардык чындыкты айтып бермек беле?

Азыркы күндө Макаров тирүү болбогондуктан, анын бир кездеги жетекчиси катары Равшан Жээнбеков жооп бериши керек эмеспи? Мыйзамда да ушундай каралган. Же бардыгын маркумга шылтап туруп акталып кеткиси келеби? Маркумдун арты менен абийирин сактайм десе, анда Жээнбековдун саясый келечегин кара булут чулгайт го? Себеби, макаланын башында жазгандай, кыргыздар маркумдун дарегине жаман сөз айткан эмес, жаман сөз айткан адам оңбой каларын эскертишкен. Ал эми Равшан мырза жаман сөздү мындай кой, бардык күнөөнү Макаровго жүктөп жатпайбы. Арты кандай болор экен…

Айбат гезити №49




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru