Айбат » Жапаров Кумтөрдөн канадистерди кубалап, кытайларды алып келеби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жапаров Кумтөрдөн канадистерди кубалап, кытайларды алып келеби?

Жапаров СадырЭсиңерде болсо керек, Кумтөр компаниясы бир эмес бир канча келишимдин негизинде иштеп келди. Бакиевдин убагындагы одоно бузулган келишимге бүгүн кимдердин салымы зор экени жамы журтка маалым эмеспи. Албетте, ал убактагы мамлекеттик маанилүү кызматтарды ээлеп жүргөн биздин айрым атка минерлер, бүгүн Кумтөр кенин бетине жаап, ар кандай акцияларды өткөрүүгө жандалбастап жатат. Ал эми өкмөт болсо, мурдагы одоно бузулган келишимди бузуп, өлкөгө пайда келтире турчу келишимге шарттуу өтүп жатканын эске албаганда, аталаган оппозиционермин деп төш каккандар эмнени көздөп жатышканын аңдабай билсе болчудай. Алардын катарында албетте Садыр Жапаров да бар. Мурда-кийин Кумтөр кенине мынчалык күйүп бышпаган Садыр эми эле асмандан түшкөнсүп, бул маселени колго кармап айгай, салып калды экен? Ушундай колтойгон суроо туулат. Туура, Садырдын бул маселенин арты менен чоң акча жасоо аракет күч экени белгилүү эмеспи…

Убагында, тээ Садырдын жылдызы жанып, байлык-бийликке жетүүгө чейин, ал мыйзамсыз түрдө бензин алып, кайра кардарларга канистрлеп сатып жүргөнү эч кимге деле жашыруун эмес. Дал ошол маалда анын атасы менен эжеси Кытайга сапар тартып калышат. Ал жактан кытай бизнесмендери менен таанышып, Садырды Кыргызстандагы бизнестерин жүргүзүүгө ишеним артышат. Ошентип, кытайлардын бизнесин биздин өлкөдө өркүндөтүп берген Садыр, колундагы байлыктын күчү менен бийлик тарапка келип, майлуу кызматтарды аркалап калган.

Эми ошол убагында жардам кылган кытай достору, Кумтөр кенин бизге өткөрүп бергиле, биз иштетели деген кыязда сөз козгоп, Садырдын эки чөнтөгүн кыйла калыңдатып беришиптир дейт.  Ушундан улам Садырдын Кумтөр маселесине күйүп-бышып аткандыгынын артында өзүнүн кызыкчылыгы  эмей эмине?!

Айбат гезити №49




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru