Айбат » Түшкө нелер кирбейт…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Түшкө нелер кирбейт…

Кадыров КубанычбекКылым карыткан кыргыз эли эгемендик алган жыйырма эки жылдан бери саясат айдыңында ар кандай саясатчылар пайда болду. Бири метеорит жылдызындай бир жарк  этип күйүп жоголсо, экинчилери бирде пайда болуп, бирде жоголуп, ал  эми үчүнчүлөрү саясатка  кандай кадам ташташса ошол калыптарынан жазбай өз жүздөрүн сактап  келе атышат. Алардын арасынан  албетте Р. Отунбаева, Б. Шер баш болгон бир топ саясатчыларды көрүп жүрөбүз. Булар  20 жылдан ашуун саясат казанында кайнагандардын катарына кирет. Коомчулук саясаттагы ири  инсандар менен  эптеп кыбырагандарынан бери электен өткөрүп  назарын буруп турган чагы. Саясат бүтүндөй бир театр оюну сымал. Бирөөнө драмалык  каармандын ролу берилсе, экинчиси трагедияны, үчүнчүсү Н. Мотуев сымал комик саясатчынын дидарын ачып берет. Айрымдары өз жеке кызыкчылыгы үчүн бардык ролдорду аткара беришет. Алардын бири «казды туурайм деп карганын  буту сыныптыр» деген принципти туу туткан «Чындык» партиясынын лидери жана жападан жалгыз мүчөсү Кубанычбек Кадыров мырза…

Акыркы мезгилде кичине-чоң жыйын, эки адамдын башы кошулган чогулуш, жалданган элүү кишиден турган митинг, кыскасы кыбыраган окуя болгон жерде өзүн чоң саясатчыларга теңөөгө аракеттенимиш этүүдө. Өзүн эл алдында Б. Шер менен Р. Отунбаеваларга теңелем деп  Кубанычбек мырзанын  телпектегени «генерал болууну самаган солдатты» элестетет. Аларга салыштырмалуу албетте Кадыров тажрыйбасыз мадырабаш саясатчы.  Саясатчы кандай болуш керек? К. Кадыровдойбу? Жок. Кыйраткан деле саясатчы эмес экен. Болгону жарытып  иш жасабаган жарым жан кыргыз жараны десек туура болот. Анын эмгек жолу менен таанышкан адам «бул ишмердин»  кыйратып деле иш жасабаганына күбө болот. Болгону бир  кезде Кыргыз Республикасынын ИИМнин Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүүнүн  башкы башкармалыгында  оперкызматкери болуп иштеген. Кызматын «катыра иштеген» экен, жада калса үч кишиге башчы боло турган бөлүм жетекчилигине да  көтөрүшпөптүр. Акыры  кызматында ар кандай кемчиликтерди кетире бергендиги үчүн жумуштан куулган.

Партия лидери имиш? «Чындык» партиясын түптөп канчалык чыркыраса да анын партиясына кирүүдөн туугандары баш тарткандары кызык. Демейде партиянын лидери алгач өз жакындарын айланасына топтошот го? Бул да болсо  Кадыровдун кадырынан кабар берип турбайбы? Кубанычбек ары-бери чапкылап жүрүп акыры бир  белгисиз себептерден улам  2009-жылдын жазында  КСДПнын мүчөсү болуп  тынат. Андан соң кызматтардын бирине  жылып кеткен депутаттын ордуна 4 чакырылыштын депутаты болду. Балыкчы шаарында болгон 2009-жылкы окуядан кийин Швецияга куйругун карматпай качып жоголгон. Жыл айланбай 2010-жылы чет жерден келип өзүм билемдикке салып ИИМдин министринин орун басарынын кабинетин ээлеп алган. УӨнүн бир да мүчөсү  ага  бу кызматты сунуштабаганы Кадыровдун кантип кызматка келгенинен толук кабар берет. Куйругу жер жыттабаган Кадыров бул жерде да жөн  отура албады. «үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы» дегендей  эски оорусу  кармап, ар кайсыл ишкерлерден «салык алып» туруу максатында кол алдындагы оперлерди аларга жибере баштаган. Бул кылыгы бир айга жетпей жогорку жактагыларга угулуп, акыры бул  кызматтан айдалып тынган. Партияны жаманатты кылгандыгы үчүн КСДПнын мүчөлүгүнөн да кол жууйт.

Мына бүгүнкү К.Кадыровдун эмгек  таржымалы… Арасынан Кубанычбек мырзанын  саясатчы,  коомдук ишмер, чыгаан жетекчилик сапаттарын жолуктура албадык. Андай болгондон кийин  кайсы арына саясаттагы «карт бөрүлөргө»  теңелет?  Кубанычбектин куру кыялын түшүнсөк болот. Кыргыздын көбү    жамбаштап жатып алып кыялданганды жакшы көрүшөт эмеспи. Акыры: “Атак менен байлыкты, алдап алса бүтүндөй. Буюрбастан ээсине, тарап кетет түтүндөй…”  деген жапондордон ашык мындай кепти эч ким айтпас… Алардын бул сөзү бүгүнкү К. Кадыровдун саясий бейнесине куп гана жарашат. Артыкча эч нерсе жок. Болгону болгондой.

Айбат гезити №49



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru