Айбат » Ө.Cуваналиев Бакиевдин буйругун аткарып жатабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ө.Cуваналиев Бакиевдин буйругун аткарып жатабы?

Бакиев КурманбекБир кездеги чыныгы генерал, элдин таламын ойлогон саясатчы катары бааланып келген Өмүрбек Суваналиев да теңирден тетири кетип бара жаткандай. Буга бир эмес, бир канча мисалдар түрткү болууда. Ооба, бийлик үчүн бет каптан, бет капты алмаштырып, бир сөздөн, бир сөзгө көчүп, жада калса шайтан менен дос болууга бара турган эр азаматтар бизде ого эле көп. Эми алардын катарын дал ушул Өмүрбек Суваналиев да толуктады десем ашыктык болбос.

Сөзүбүз курулай болбошу үчүн, калктын башына караңгы түн түшүрүп кеткен Бакиевдер тобу али да болсо элдин эсинде эмеспи. Дал ошол Бакиевдердин кандуу бийлигин кулатып, 7-апрель элдик революция болгонун эсепке албай, анда курман болгон балдардын арбагын тебелеп, ошондогу революцияны бекер болду, андан көрө болбой эле койсо болмок таасиринде сөз сүйлөгөнү жумурай журтка анчейин жакпай калды. Ал азыр Бакиевдин “көкүрөк күчүгү” Нариман Тюлеевдин жакын санаалашы Апсаматов деген жигит менен жашыруун жолугушуп, андан соң мурдагы губернатор Бакиевдин кол баласы болуп жүргөн Болотбеков менен да жолугушуу уюштурду. Булардын жашыруун сүйлөшкөн сөздөрү, баарыбызга айтпаса да белгилүү. Мурдатан элди бөлүп, мамлекеттин тынчтыгына, стабилдүүлүгүнө доо кетиребиз дегендердин катарында жүргөн Болотбеков, эми Суваналиев менен чогу мурдагы кожоюну Бакиевдин буйругун жазбай аткарчудай болуп калды. Азыркы жаңы түзгөн Суваналиевдин  Каршылык көрсөтүү кыймылы дал ушундай максатка ылайыкталып түзүлгөнү бештен белгилүү.

Ал тургай Суваналиев Элисеевден акча алгандыгы, анын азыркы бош чөнтөгү мындай иш чараларга жарабай тургандыгын да эл арасында кеп болуп жүрөт. Аттиң десең, мурдагы чыныгы генерал, элдик саясатчынын ушундай абалга түшүп, эл бузаар атка коноорун үч уктасам түшүмө кирген эмес. Бийлик, байлык дегенде бул киши деле мамлекетин сатып жиберүүгө даяр окшобойбу?

Айбат гезити №49




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru