Айбат » Нурия Айдабосунова, «Мекен шейиттери» коомдук бирикмесинин өкүлү: «Кызуу кандуулукка алдыргандарды сабырдуулукка чакырабыз»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Нурия Айдабосунова, «Мекен шейиттери» коомдук бирикмесинин өкүлү: «Кызуу кандуулукка алдыргандарды сабырдуулукка чакырабыз»

Мекен шеиттериБүгүн «Мекен шейиттери», «Апрель байрагы» жана «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмелеринин атынан Нурия Айдабосунова «Акипресс» агенттигинде журналисттер менен маалымат жыйынын өткөздү. Аталган коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн 7-8-октябрларда Ысык-Көл облусунда болуп өткөн башаламандыктар, мыйзамсыз аракеттер түйшөлдүрүп жаткандыгын жана Саруу айылынын тургундарын, деги эле Ысык-Көл облусунун тургундарын сабырдуулукка, мыйзамдуулукка чакырды. «Кандай гана маселе болбосун аны мындай мыйзамсыз аракеттер менен чечүүгө болбойт. Бизге азыркы тапта баарынан дагы өлкөбүздөгү стабилдүүлүк башкы орунда турат» дейт Нурия Айдабосунова. Маалымат жыйынындагы журналисттер тарабынан берилген суроолордун олуттууларына токтолобуз.

- Ысык-Көл аймагында болуп өткөн акыркы окуяларга кандай пикирде болуп жатасыздар?

– Мен Кыргызстандын жараны катары Ысык-Көл аймагында болуп жаткан окуяларга кайдыгер карап тура албадым. Ошол эле учурда өзүбүздүн коомдун энелеринин атынан Ысык-Көлдүн жарандарына «Сабырдуу болуңуздар, тынчтыкты сактайлы» деп кайрылып кетет элем. Биз буга чейин башыбыздан эки революцияны өткөрдүк. Экинчисинде кан менен, ый менен Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигин кулатып, акыйкаттуулук өкүм сүргөн өнүгүү багытына түшкөн мамлекет куралы дегенбиз. Албетте, азыр деле жашообуз укмуштай болуп жакшы жагына өзгөрүп кеткен жок. Бардык жакшы нерселерге жетиш үчүн убакыт керек экен. Алгачкы эки президентибиздин туура эмес жүргүзгөн саясатынан улам көлдө гана эмес, өлкөбүздүн бардык эле аймактарында көйгөйлөр жетиштүү. Бирок, биз бардык көйгөйлөрдү ызы-чуу, башаламандык, мыйзамсыз аракеттер менен эмес, мыйзамдын чегинде чечсек болот эле. Кызуу кандуулукка алдырып, өкмөттүн өкүлүнө, милиция жетекчисине кол көтөрүп, барымтага алып, автоунааны өрттөп жаткан жаш балдарга акыл айтып, «антпегиле, акылыңарга келгиле» деп акыл айтпагандарга таң калам. Өкмөттүн өкүлүн барымтага алып, 3-4 маселени бир уучка топтоп алып кыйкыра бергенде болбойт. Эмне себептен мыйзамды бузган, «Кумтөрдүн» өкүлүнөн 3 миллион доллар талап кылган жигиттерди бошоткула дешет? Мамлекеттин кадыр-баркына шек келтирген адамдарды мыйзамдын алдында жоопкерчиликке тартпай, эмнеге бошотуп жибериш керек? Каптагаев деле өзүнүн кызматын жакшы билет. Ал дагы Бакиевдик режимге каршы күрөшкөн революциячыл саясатчы. Анан «Кумтөр» маселесин шылтоо кылып, анын келишимин денонсация кылгыла деп, ага кошуп мыйзамсыз аракет кылгандарды бошоткула дегендерин эч ким колдобойт. Демократия десе эле мыйзамсыз иштерди жасай берүү дегендик эмес. Анын жоопкерчилиги да бар.

- Бул митингчилердин артында кимдер турат деп ойлойсуз?

– Мен саясатчы эмесмин. Андыктан кимдер тургандыгын билбейм. Бирок, митингдердин артында ким турса дагы мыйзамдуулукту сыйлоого чакырабыз. Бизге стабилдүүлүк керек. Маселени мындай жолдор менен чече албайбыз. Азыркы тапта жалпы Кыргызстандын эли унчукпай жатканы менен бардыгы тең эле ушундай пикирде деп ойлойм. Эл дагы ызы-чуудан тажады. Сабырдуу бололу, мыйзамды сыйлайлы.

Маектешкен Жыргал Бердибеков

Айбат гезити №49



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru