Айбат » “Киргиз” Кулов Батукаевди качырганбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Киргиз” Кулов Батукаевди качырганбы?

Кулов Феликс2010-жылы парламенттик шайлоодо “Ар-Намыс” партиясын 5 пайыздык чектен өтөрүн эч ким күткөн эмес. Бирок, алар “аламан жарышта” үчүнчү болуп көпчүлүктү таңданткан. Мунун сырын экс-акыйкатчы Турсунбек Акун маалымат каражаттары аркылуу ашкерелегени бар.
Кулдун небереси шайлоо алдында Россияга барып: “Кыргызстандагы аз улуттардын атынан чыгып жатам, алардын укугун коргоого жардам бергиле. Мен кыргыз эмесмин” деп жалдыраган тура! Боору ооруган орус туугандар анын чөнтөгүн кампайтып кайтарган дейт. Көрсө, “ар-намысчылардын” жеңишинин сыры ушунда экен.
Мына сага, парламент босогосун атташ үчүн элибиздин ар-намысын, улуттук баалуулугун бөлөк мамлекеттин алдында тебелеп-тепсеп, абийирибизди айрандай төккөн Феликс Шаршенбай уулунан кайсы жакшылыкты күтүүгө болот? Акаевдин убагында “темир генерал” атыгып, Бакиевдин убагында “желим генерал”, “жыгач генерал” атыккан Кулов чындап мокогонунун башкы белгиси эмеспи бул?

Ошол эле Турсунбек Акун “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди качыргандардын башында дал ушул Кулов турарын “Деньги&Власть” басылмасына айтып берген. “Тынычбек Акматбаев түрмөдө атып өлтүрүлгөндө 31-колонияга Кулов барып Батукаев менен жолуккан. Экөөсү  көп жылдан бери жылуу мамиледе болгон. Кулов түрмөдө отурганда аны Батукаев коргогон, ал эми Кулов эркиндикке чыгып Батукаевди бошотту” дейт ал.

Тукенин кебине ишенбейин десең белгилүү коомдук ишмер Клара Ажибекова да ушундай маанайдагы пикирин жарыялады. Клара айым басылмалардын бирине маек берип жатып: “Батукаевди бошоткондордун башында Кулов турган. Кулов Азиз баштаган кримтоп менен тыгыз байланышта болгон” деген оюн жашырган эмес. Ал эми “желим генерал” тилин жутуп алгансып үн катпай отурат.

Кыргыз эмесмин” деген сөз эне тилинде жаш балача чулдураган Кулов мырза үчүн кеп эмес. Ал эми кыргыздардын кулагын кесип, Чечен туусун өз камерасына илип жаткан Азизди чыгарып жибергендердин башында Феликс мырзанын турганын күтсө болот. Анткени, кыргыз деп жүрөгү соккон адам бул ишке барбайт. Грузиндердин чыгаан акыны Расул Гамзатов “эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт” деп бекеринен безеленбесе керек.

Кыргыз экенин ырастап, андай “эрдиги” үчүн Кремлден акча алып, парламентте депутат болуп отурган Феликс Кулов Батукаевди тымызын качырганы аз келгенсип, эми ордо оюндарын тымызын күчөтүп кирди.

Караколдогу баш-аламандык, 10-октябрда Таласта өткөн “Каршылык Көрсөтүү Кыймылынын” (“ККК”) акциясына дал ушу “желим генералдын” тикелей катыштыгы бардыгы ырасталды. Мисалы, ал көзөмөлдөгөн “Интел Линкс” компаниясынын жетекчиси Дмитрий Цойдун уулуна таандык машине “КККнын” үгүт баракчаларына Таласта ташып бара жаткан жеринен кармалды. Ошол эле унаа Караколго да жүктөрдү ташыганы айтылууда. Ал эми басылмалар Кулов Цой аркылуу Суваналиевге жана Караколдогу митингге колдоо көрсөтүп жатканын жазып чыгышты.

“Саяк жүрсөң таяк жейсиң” деген макал бар. Анын сыңарындай, Феликс Шаршенбаевич “оюнкарак тыгын” токтотпосо, бир күнү “омурткасы” сынары калетсиз. Андыктан, “карыганда калжаңдабай”, саясый интригаларын токтотуп, абийири менен карыса туура болмок…

Айбат гезити №49




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru