Айбат » Бишкекте организмде таш пайда болуусуна карата эл аралык конференция өтөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Бишкекте организмде таш пайда болуусуна карата эл аралык конференция өтөт

таш11-октябрда Park Hotel мейманканасынын конференц-залында «Организмде заара чыгуучу түтүктөрдө таш пайда болуусун жана зааранын түтүктөрүндөгү оору жаратуучу абалдары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Конференцияда Россия, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Индия өлкөлөрүнүн заара чыгуучу түтүктөрдү дарылоо жана алдын алуу жаатындагы алдыңкы адистер катышат.

Конференциянын башкы максаты КМШ мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда заара чыгуучу түтүктөрдө таш пайда болуусунун жана зааранын түтүктөрүндөгү оору жаратуучу абалдардын өсүш көйгөйлөрүн, аталган патологиялардын мурунку жана азыркы өсүшүн, ошондой эле буларды төмөндөтүү боюнча дарылоо-алдын алуучу иш-чараларын иштеп чыгуу чаралары талкууланат.

Айбат гезити №49




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru