Айбат » Чаткал районунда жугуштуу дарттарды аныктоочу жаңы лаборатория курулуп жатат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Чаткал районунда жугуштуу дарттарды аныктоочу жаңы лаборатория курулуп жатат

лаборотория

Чаткал районунун санэпидстанциясына жаңы лабораториянын имаратын куруу иштери башталды. Бул тууралуу райадминистрациядан билдирди. Маалыматка ылайык, аталган лабораториянын курулуш иштери жакынкы күндөрдө бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Калк арасында жугуштуу ооруларды  аныктоо лабораториясынын жоктугунан тиешелүү анализдерди аныктоо үчүн жергиликтүү жашоочулар коңшулаш райондорго, Ош, Жалал-Абад,Бишкек шаарларына барууга туура келген. Лабораториянын курулуш иштерине  Саламаттыкты сактоо министрлигинен 8 млн сом бөлүнгөн. Чаткал районунун эсебинен 1 млн  сом бөлүнүп берилди.

Айбат гезити №49




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru