Айбат » Кара тумоо коркунучу кайта элек

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Кара тумоо коркунучу кайта элек

чумаУбагында жардам көрсөтүлсө, бубон чумасына кабылган адамдын өмүрүн сактап калса болот. Кезегинде Европа калкынын дээрлик жарымынын өмүрүн алган кара тумоо же бубон чумасы орто кылымга таандык илдет катары сыпатталып келет. Бирок бүгүн Кызыл чырым эл аралык комитети жана “Пастер” институту бул оору дүйнөнүн көпчүлүк аймактарына дале коркунуч жаратып жатканын билдирип чыкты.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, былтыр бубон чумасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу Мадагаскарда эң көп катталган. Азыр эки уюм бул ооруга каршы чогуу күрөшкөнү жатат. Мадагаскарда октябрь айындагы жылуу аба ырайы кара тумоонун башталышынан кабар берет. Бул илдетти келемиштер алып жүрөт жана ооруну көбүнесе алардын денесиндеги бүргөлөр таратат. Мадагаскардагы негизги түрмө эркинен ажыратылган адамдарга да, кемирүүчүлөргө да толгон. Былтыр бул жерде 256 адам кара тумоого кабылып, алардын алтымышы каза тапкан. “Пастер” институту катталбай калган да фактылар болушу мүмкүндүгүн айтууда. Бул илдет бат эле тарап кетиши ыктымал. Анткени кызматкерлер түрмөгө кандай кирип чыкса, бул жабык жайга келемиштер да оңой эле кире алышат.

Кызыл чырым комитети менен “Пастер” институту келемиштерге карата каталыраак чара көрүүгө үндөп жатат. Алардын айтымында, аларды өлтүрүп койсо, андагы бүргөлөр башкаларга, анын ичинде адамга жармашат. Андыктан чычкандарды өлтүрөрдөн мурда, алгач алардын бүргөлөрүн жок кылууга туура келет. Бул долбоорду ишке ашырууда Мадагаскардагы түрмө оң жыйынтыктарды көрсөтө баштады. Бирок медициналык жардамдан алыс жана маалыматы жок коомчулукта бул илдет өтө коркунучтуу бойдон кала берүүдө.

Кыргызстанда август айынын соңунда кара тумоодон бир өспүрүм каза болгон. Адистер ага да илдет кемирүүчүлөрдөн жукканын айткан болчу.

 Айбат гезити №49




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru