Айбат » Асмандан жааган акчанын ээси табылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Асмандан жааган акчанын ээси табылды

American Dollars Falling from the SkyБоливиядагы Санта-Крустагы департаменттин аймагына асмандан жааган доллар жашоочулардын эсин оодарды. Себеби, асмандан миллион жашыл акчалар төгүлүп жатпайбы….

Бул боюнча тартип коргоо органдары таңгала турган эч нерсе жоктугун айтышты. Алардын алдын ала божомолу боюнча, баңги сатуу менен шугулдангандардын учактан жерге ыргыткан акчасы. Кыязы, алар конгондон кийин жерден кайра таап алабыз деген ой менен ыргытышкан деп жазды Би-би-си.

Маалыматтарга караганда, асмандан “жааган” акча санай келгенде оролгон 26 желим баштык болуп чыккан. Полиция кызматкерлери акча ээлерин аныктап чыгышкан. Учурда баңгизат сатуучулар колго түшүп, алардан акча жана куралдарды кошо алышкан.

Эскерте кетсек, Боливия Перу жана Колумбия менен кошо жарыша дүйнө боюнча кокаин өндүргөндөрдүн катарында келе жатат. Боливияда кокаинди медициналык максатта колдонууга тыюу салынган эмес, бирок, өстүрүүгө мыйзам жол бербейт.

Айбат гезити №49




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru