Айбат » Аргентиналык диетологдор арыктата турган сагыз чыгарышты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Аргентиналык диетологдор арыктата турган сагыз чыгарышты

жевачка

Адам өзүн тамактан чектеп баштаганда эле ачка калгандай сезимге кабылат. Мындай ойдон арылуу үчүн аргентиналык диетологдор тамактан алаксыта турган сагыз ойлоп тааптыр. Дарыканаларда сатыла турган жалбыз кошулган сагызды ар бир адам чайнай берсе болот экен, бирок, адистер, аны алардын мурда, баары бир дарыгер менен сүйлөшүп алууну сунушташты. Маалыматты ИТАР-ТАСС таратты. Диеталык жаңылыктын түзүүчүлөрүнүн бири, илимий жана техникалык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун кызматкери Маркос Мейер сагыз аппетитти азайтаарын айтат. “Бул – биологиялык активдүү кошулмалардын сагыз түрүндөгүсү, кантсыз жасалган. Курамында жашыл кофенин кофейини жок кошулмалары, андан сырткары да табигый ингредиенттер бар, алар адамды ток алып жүрөт”, -деп айтты. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, аргентиналыктардын жарымынан көбү ашыкча салмактан жапа чегишет. Мейердин айтымында, бул продукция адамдын организмине азыктандыруучу заттарды берип, бирок, тамак-аш катары кызмат кылбайт. Диетолог аталган сагызды тамактануунун ортосунда күнүгө 2-3 ирет 15 мүнөттөн чайноого кеңеш берди.

Айбат гезити №49




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru