Айбат » Баласына чоң той берип үйлөнткөнү үчүн чиновник иштен кетти

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » Баласына чоң той берип үйлөнткөнү үчүн чиновник иштен кетти

свадьбаКытайдагы бир аткаминер баласын үйлөнтүп, титиреген той берип, анысы 3 күн болуптур. Алдын ала эсептегенде чыгым чейрек миллион долларды чапчыган.

Келгендердин алдында атактуу ырчылары ырдап, тойдон кайткан конокторду үйүнө чейин лимузин менен жеткиришиптир. Күйөө баланын атасы жергиликтүү мамлекеттик бийликтин жетекчиси Ма Линьсян тойдун чыгымынын арбынын келин тарап алгандыгын айткан.

Кытайдын компартиясынын билдирүүсүндө, бул шаан-шөкөткө бюджеттин акчасынан бир да тыйын кетпесе да, берки бийлик төбөлү баары бир иштен айдалган.

Кытай коомчулугунда чиновниктердин байып бара жаткандыгына карата нааразычылык улам арбып баратат. Мындай көрүнүштөн кийин бийлик өкүлдөрү мамлекеттик кызматкерлер арасындагы шаан-шөкөттөргө кескин токтотууну колго ала баштады.

Айбат гезити №49




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru