Айбат » Караколдогу баш аламандык боюнча кылмыш иши биринчи май райсотунда каралат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Караколдогу баш аламандык боюнча кылмыш иши биринчи май райсотунда каралат

1-май соту10-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Каракол шаарындагы баш аламандык учурунда кармалгандардын баш коргоо чарасы каралышы керек болчу. Маалыматка ылайык, азырынча кармалган 18 айыпталуучу сот залына алынып келе элек. Калгандарын кылмыш ишинин негиздери жок деп коё беришкен. Сот имаратынын алдын укук коргоо органдары коомдук тартипти бузуу болбош үчүн курчоого алды. Сот имаратынын артында, Бөкөнбаев көчөсү тарапта эки бусикте атайын кызматтын кызматкерлери турат. Андан сырткары милиция кызматкерлери жетекчиликтин буйругу бар дешип, соттун аймагына транспортту киргизбей жатат. Кишилерди болсо документ менен гана киргизүүдө.  Белгилей кетсек, караколдуктардын ишин сот Адылбек Субанкулов карайт.

Айбат гезити №49




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru