Айбат » Ноокатта базарларда Кытайдан чыгарылган 535 даана оюнчук сатуудан алынып жокко чыгарылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ноокатта базарларда Кытайдан чыгарылган 535 даана оюнчук сатуудан алынып жокко чыгарылды

1Үстүбүздөгү жылдын 8-9-октябрь күндөрү Ош облусундагы Ноокат районунун аймагындагы базарларда, соода түйүндөрүндө сатылып жаткан Кытай Эл Республикасынан чыгарылган балдардын  оюнчуктары, резинадан жасалган топтор, кубиктер 535 даана жалпы 4850 сомдук оюнчуктар сатуудан алынып, жокко чыгарылды. Рейд Ош облусундагы райондор аралык керектөөчүлөрдүн укугун жана жарандардын саламаттыгын коргоо кызматы Ноокат райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү. Бул тууралуу керектөөчүлөрдүн укугун коргоо кызматынын өкүлү Жолчу Жээнбеков билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы. Маалыматка ылайык, аталган иш-чара облусттун баарык соода түйүндөрүндө улантылат. Эске сала кетсек, бул иш-чара Кара-Суу шаарындагы базарда өткөрүлүп, учурда Араван районундагы базарларда улантылып жатат.

Айбат гезити №49




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru