Айбат » Тоңдо кулжа, элик атып 1 млн сомдон ашык чыгым келтиргендер кармалды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Тоңдо кулжа, элик атып 1 млн сомдон ашык чыгым келтиргендер кармалды

КулжаЫсык-Көл облусунун Тоң районунда Турат Кыргызбаев аттуу жаранга тийешелүү «Фелис» ЖЧК аңчылык коомунан үч баш кулжа мыйзамсыз атылганы аныкталды. Бул тууралуу КР өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул факт инспекция директорунун буйругунун негизинде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймагында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү жаатындагы мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө максатында жүргүзүлгөн рейд учурунда ачылды. Бул боюнча Кылмыш кодексинин 148-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, жалпысынан 1 млн 200 миң сом доо коюлду жана Тоң райондук ички иштер бөлүмүнө тергөө иштерин жүргүзүү үчүн материалдар өткөрүлүп берилди .

Ошондой эле Тойчубек Жусупакматовго мыйзамсыз бир баш элик аткандыгы үчүн 15 миң сом доо коюлуп, материалдар сотко даярдалды. Мындан сырткары Жети-Өгүз районунун сырт аймагынан бир дана мыйзамсыз документи жок ок атуучу курал жана Тоң аймагынан эки дана ээси жок ок атуучу куралдар алынды, ошону менен катар эле Тоң районун бир тургунунан 7,62 калибриндеги 40 даана патрондор табылган.

Бул иштер тергөө үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Жогоруда көрсөтүлгөдөрдүн негизинде жалпы жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыяндын көлөмү 1 млн 215 миң сомду түздү.

Айбат гезити №49




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru