Айбат » Пара талап кылуу боюнча айыпталган Э.Жунушбаев менен Б.Курмановдун иши сотко өткөрүлдү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » Пара талап кылуу боюнча айыпталган Э.Жунушбаев менен Б.Курмановдун иши сотко өткөрүлдү

1«Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКтын топ-менеджеринен 3 млн доллар талап кылган Ысык-Көл облусундагы Саруу айылынын жашоочулары Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановго карата кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө, УКМКнын тергөө органдары тарабынан видеофонографиялык экспертизанын корутундусу алынып, мурдараак жарыяланган видеотасмадагы көрсөтүлгөн адамдардын үндөрү аларга таандык экендиги тастыкталды. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Мындан тышкары, ушул жылдын 31-майында Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында болгон массалык башаламандыктар фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынытыгы менен Э.Жунушбаев жана Б.Курманов ошондой эле, башаламандыктардын уюштуруучулары катары кылмыш жообуна тартылышты. Жогорудагы маалыматтарга байланыштуу, ушул жылдын 7-октябрында көрсөтүлгөн кылмыш иштери бир өндүрүшкө бириктирилди. 8-октябрда Э.Жунушбаевди жана Б.Курмановду Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (Пара талап кылуу) жана 233-беренеси (Массалык башаламандыктар) менен каралган кылмыштары үчүн айыптоо боюнча кылмыш ишин тергөө аягына чыгып, тагылган айыптоолор прокурор тарабынан бекитилгенден кийин мындан кийинки кароого сот органдарына жөнөтүлдү.

Айбат гезити №49




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru