Айбат » Бишкекте 21 жаштагы аял мас абалында милиционерди тилдеп, уруп, жулмалаган

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бишкекте 21 жаштагы аял мас абалында милиционерди тилдеп, уруп, жулмалаган

1Бишкекте милиция кызматкерине кол тийгизген жана тилдеген мас абалындагы аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББнин маалымат кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, ал аял белгилүү дүкөндүн Жибек-Жолу – Республика көчөлөрүнүн кесилишиндеги филиалында ал жердеги күзөт кызматкерлерине кол салган.  Окуя болгон жерге жертип барган милиция кызматкерлери 21 жаштагы аял мас абалында күзөт кызматкери менен кер-мур айтышкандыгын аныктаган. Андан соң ал Биринчи май РИИБине жеткирилип, өздүгү такталган. Бирок бул жерде да милиция кызматкерлерине агрессивдүү мамиле жасап, бир кызматкердин формалык көйнөгүн жыртып, мойнуна бир нече ирет урган.

Медициналык текшерүү ал аял мас экендигин көрсөттү. Учурда бул факты боюнча ККнын 234-беренесине ылайык («Хулиганчылык») кылмыш иши козголду.

Айбат гезити №49




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru