Айбат » Бишкекте ким мыкты айдоочу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бишкекте ким мыкты айдоочу?

Самый лучший водительБишкекте “мыкты айдоочу” деген аталыштагы конкурс  айдоочулардын күнү болгон 13-октябрда старт алат. Бул тууралуу конкурстун уюштуруучусу “Ариет” демилгечи тобу менен “Бир бол” коомдук фонддон кабарлашты. Алардын маалымат боюнча, бу конкурсту уюштуруп жатканын негизги максаты айдоочулардын ышкысын ойготуп, кесипчилик ишине болгон мамилесин жакшыртуу жана сапаттуу иш алып барууга үндөө, кызыктыруу.  Бул иш-чаранын алкагында “Мыкты кичи автобус айдоочусу”, “Мыкты автобус айдоочусу”, “Мыкты троллейбус айдоочусу” деген аталыштагы  номинациялар ыйгарыла турган сыйлыктар СМС билдирүүлөрдүн жыйынтыгы менен чыгарылат. Конкурска катышып жаткандар  Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрдү тейлеп жүргөн автобус, кичи автобус жана троллейбустарына илинет.  Айдоочулардын мыктысын унааларынын тазалыгына, жүргүнчүлөрдүн тейлөөсүнө жараша бааланат. Анткени, акыркы кезде айдоочуларга жүргүнчүлөр тарабынан бир топ сын-пикирлер айтылып келет. Ошого байланыштуу айдоочулар ортосундагы маданиятты өстүрүү боюнча сынак болуп саналат.

Бу сынакты “Ариет” демилгечи тобу, “Бир Бол” коомдук фонду тарабынан уюшулуп, Бишкек мэриясы да көмөк көрсөтүп жатат дейт уюштуруучулар.

Сынак 13-октябрдан тарта 25-октябрга чейин уланып, жыйынтыгы 25-октябрда чыгарылмакчы.

Айбат гезити №49




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru