Айбат » Тышкы карыз үчүн республикалык казынадан 238 млн сом жумшалды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Тышкы карыз үчүн республикалык казынадан 238 млн сом жумшалды

сом

Тышкы карызды тейлөө үчүн республикалык бюджеттен 237 млн 946 миң 600 сом жумшалды. Бул туурасында Каржы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Жогорудагы сумманын 46 млн 127,3 миң сому пайыздык төлөмдөргө, ал эми 191 млн. 819 миң сому негизги суммалар боюнча төлөмдөргө жумшалды. “Ал эми “капиталдык салымдар” беренеси боюнча Бишкек шаардык мэриясына караштуу коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгына 15 млн. сом, Капиталдык курулуш башкармалыгына 15 млн. сом, өкмөткө караштуу турак-жай жарандык курулуш департаментине 19 млн. 416,6 миң сом жана Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин суу-чарба объектилерин куруу дирекциясына 10 млн. сом бөлүндү”,- деп айтылат билдирүүдө. Эскерте кетсек, 11-октябрда республикалык бюджеттен 350 млн. 897 миң сомго бир катар мамлекеттик органдарга каржылоо жүргүзүлгөн

Айбат гезити №50



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru