Айбат » Эгерде казино мыйзамдаштырыла турган болсо, кумаркана ээлери 1 млрд сомго чейин салык төлөөнү убада кылып жатышат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Эгерде казино мыйзамдаштырыла турган болсо, кумаркана ээлери 1 млрд сомго чейин салык төлөөнү убада кылып жатышат

казино

Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев маалымат жыйынында билдирди. «Кумар оюндарына уруксат берүү жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымында, биз ири кирешеден куру калып жатабыз. Бирок, мурда биз жылына болгону 500 млн сом киреше алчубуз. Азыркы учурда мурдагы кумар кана ээлери төлөмдөрдүн көлөмүн 1 млрд сомго чейин көтөрүүнү убада кылып жатышат. Менин оюмча, өкмөт башка жолдор менен деле киреше тапса болот», – деп, белгиледи министр. «Менин жаран катары жана өкмөт мүчөсү иретиндеги жеке пикирим, кумар кана – бул арам нерсе. Кыргызстанда кумар каналарга тыюу салуу киргизилген соң, биз ал мыйзамды аркалап жана тутушубуз керек», – деди, Т. Сариев. Эскерте кетсек, 2012-жылдан тарта Кыргызстанда оюн-зоок ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Кумар кана жана оюн автоматтарынын жабылышы 500 млн сом салыктын түшпөй калышына алып келген. Жаз мезгилинде кээ бир ЖК депутаттары, оюн зоок ишмердүүлүгүнө жарым жартылай уруксат бере турган мыйзам долбоорун демилгелеп чыгышкан.

Айбат гезити №50




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru