Айбат » Министр К.Султанов: “Түндүк-түштүк альтернативдик жолун курууга болжолдуу 850 млн доллар керектелет”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Министр К.Султанов: “Түндүк-түштүк альтернативдик жолун курууга болжолдуу 850 млн доллар керектелет”

Султанов КалыкбекТүндүк-түштүк альтернативдик жолун курууга болжолдуу 850 млн доллар керектелет, деп билдирди бүгүн 17-октябрда КР Транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Өрнөк айылындагы жаңы көпүрөнүн ачылыш аземинде билдирди. К.Султановдун айтымында, эски жыгач көпүрөнүн курулганына 42 жыл болуп, жаңы көпүрө курууга туура келген. «Түндүк менен түштүктү кошо турган жол ушул көпүрөнүн нугу менен кетет. Бүгүнкү күндө бул көпүрөнүн мааниси өтө чоң. Себеби бул аймактан 12-15 чакырым жолдон кийин Токтогул районуна жакын болуп калат. Кышкы мезгилде Токтогул районуна унаа каттамы менен өтө албайбыз, ошондуктан бул жол курулса, Жумгал аймагынан өтүп калышат», – дейт К.Султанов. Ал билдиргендей, учурда жолдун долбоорлоо иштери башталууда. «Жалал-Абад шаарынан баштап Казарман айылына чейин 1 фаза, андан кийин Жумгал районунун ичинде келерки жылы 66 чакырым жол бүтөт. Кийинки жылы 430 чакырым Жалал-Абад шаарынан Балыкчы шаарына чейин улантылып, жалпы 4-5 жылдын ичинде бүткөрүлөт», — деди ал. Ал кошумчалагандай, түндүк-түштүк жолуна болжолдуу 850 млн доллар каражаты кетет жана азыркы техникалык талаптагы жол болуп эсептелет, башкача айтканда, 15 метрлик калыптагы жол болуп курулат. «Көпүрөнүн эни 10 метр болуп, бул көпүрөнүн капталына дагы кошумча көпүрө курулат», – деп белгиледи министр.

Айбат гезити №50



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru