Айбат » Саруу айлында болгон митингдерде талкаланган автоунааларды ким калыбына келтирери белгисиз

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кырдаал » Саруу айлында болгон митингдерде талкаланган автоунааларды ким калыбына келтирери белгисиз

автобус

Ысык-Көл облусунун Каракол жана Саруу айылындагы митингден кийин Саруу айылынын тургундары ИИБге тиешелүү дагы эки автоунааны талкалашкан. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, Каракол шаарында өткөн митингден кийин Жети-Өгүз РИИБнин башчысы Калыс Жудеев эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө Саруу айылына барганда, жергиликтүү тургундар ага кол салышкан. Айыл тургундары Жети-Өгүз РИИБнин башчысы башкарып жүргөн кызматтык «ВАЗ-2107» автоунаасынын терезелерин талкалап, каптал эшигин майыштырып салышкан. Ошондой эле, Саруу айылы аркылуу кошуна айылга бара жаткан милиция кызматкерлери айдап жүргөн автоунаанын терезелеринин айнектерин талкалап салышкан. «Учурда эки автоунаа техникалык тейлөө бекетинде турат. Кимдердин эсебинен автоунаалар калыбына келтирилери белгисиз. Аталган факт боюнча ОИИБ кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштери жүрүүдө. Эми автоунааларды ким калыбына келтирерин сот чечет», – дейт С.Усубакунов Мындан тышкары, РИИБ башчысын ур-токмокко алуу боюнча дагы кылмыш иши козголуп, бирок эч кимиси кармала электигин кошумчалады.

Айбат гезити №50



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru