Айбат » Садыр Жапаров Минскиге куйругун түйүп кеткенде…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Садыр Жапаров Минскиге куйругун түйүп кеткенде…

Жапаров Садыр

Караколдогу митингди уюштурарын уюштуруп коюп, Кыргызстандан жылт койгон Садыр Жапаров учурда Белорусиянын Минск шаарында жүрүптүр. Бул боюнча Жапаров анын арыгын чапкан журналисттерге билдирген.

Кечээ президент Алмазбек Атамбаев Нарынга болгон иш сапары учурунда “Караколдогу башаламандыкка жаштарды түрткөн адам Минскиге качып кетти” деп айткан эле. Көп өтпөй “Ата Журттагы” партиялаштары алардын оозун бирөө тырмап аткансып, Садыр Жапаровдун Минскиде жүргөнүн айтышып, ал 5-октябрда эле кеткенин, ал эми митинг 7-октябрда болду деп бетине карманып атышат.

А көрсө, 5-октябрда Кыргызстандан чыгып кеткен Жапаров, бара жаткан Минскиге араң 9-октябрда жетип атпайбы.

“24.kg” маалымат агенттиги УКМКдагы булактарына таянып жазып чыккандай, Садыр Жапаров “Алматы-Москва, Шереметьево” 875-рейси менен учуп, 9-октябрь саат 09-10до Москвага келген. Ошол эле күнү саат 23-34тө поезд менен Минскти көздөй жөнөгөн. Ошондо эки күн ал эмне, эшек такаладыбы? Балким, митингдин аягы эмне менен бүтөр экен, бийликти басып алышар бекен, деп күтүп жаткандыр? Анан тилеги таш капканда, шашылыш Минскидеги акелерине учуп жөнөдүбү? Кеңешип-кептешип дегендей.

Кандай болгон күндө да Садыр Жапаров инисинин ден соолугу менен ойнобой эле койсо болмок. «Мен иним Дөөлөттү алып 5-октябрь түнү Алматы аркылуу Минскиге учуп кеткем. Азыр ушул жактамын. Өткөн жылы мартта келип бөйрөк алмаштыруу үчүн кезекке туруп кеткенбиз. Али күнгө чейин донор жок болгондугуна байланыштуу, мен өзүмдүн бир бөйрөгүмдү бергенге анализ тапшырып жатам. Эгер туура келсе салдырабыз. Анализдер 2—3 жумада чыгып калат» деп жыландын башын кылтыйтып атат. Себеби, эртеңки күнү келгенде: «Иниңе бөйрөгүңдү бергениңди далилдеп берчи?» деп сураганда: «Анализим начар чыгып калды» деп кутулганга оңой эмеспи. Митинг болуп аткан күнү өзүнүн бакма журналисттери аркылуу “Садыр Жапаров Түркияда, инисине бөйрөгүн бергени кетти” деп какшантканын да билебиз. Түркия сыйкырдуу түрдө Минскиге айланып калганына эми күбө болдук.

Ал эми Караколдогу митингде губернатор Каптагаевди барымтага кармаган унаа Жапаровдун карындашына тиешелүү болуп чыкканы, ал митингге жардамчылары кызуу катышканы азыр айтылып, далилденип атканына Садыр Нургожоевич эмне деп жооп берет? Же адатынча болбогон шылтоону айтып, кутулуп кетем деп ойлоп атабы?

Мейли, күтө туралы, Минскиден жакшылап кеңешип алышсын, кийинки кадамдары кандай болорун…

Айбат гезити №50




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru