Айбат » Бегалы Наргозуев: “Суваналиевдин максаты – эптеп эле бийликке жетүү”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Бегалы Наргозуев: “Суваналиевдин максаты – эптеп эле бийликке жетүү”

Суваналиев

Каракол шаары менен Саруу айылындагы митингдердин артында тымызын «дирижёрлук» кылып, бийлик менен элдин ортосуна жарака кетирүүнү көздөгөндөр «Каршылык Көрсөтүү Кыймылынын» лидерлери Өмүрбек Суваналиев менен Бегалы Наргозуев болгондугун массалык маалымат каражаттары жакшы эле жазып чыгышты. Бирок, Наргозуев мырзанын менчигиндеги «Kyrgyztoday.kg» айты маалыматтарды бир беткей берип, бийлик элге күч колдонуп жатат дегендей ишаратты жасаган эле. «ККК» лидери Суваналиев дагы Таласта митинг өткөрүүгө даярданып жүрүп, Караколдогу митингге бийликти күнөөлөгөн. Алардын айтымы боюнча бийлик өкмөттүн өкүлүн барымтага алуу, райондук милиция башчысын сабоо, жол тозуу өңдүү мыйзам бузууларга көз жумуп, эч кандай чара көрбөшү керек экен. Кандайдыр бир чара көрүлсө эле, ал күч колдонуу болуп калат тура. Ал эми мыйзамды таман астында тебелеп, мамлекетибиздин стабилдүүлүгүнө, эртеңине чоң коркунуч туудуруп жаткан митингчилерди сабырдуулукка, мыйзамдуулукка чакырган бир дагы сөздөрү болбоду. Анан анын артынан эле Талас жергесинде аталган кыймылдын «кыймылчылары» митинг өткөрдү.

Бирок, таластык мекендештерибиз Суваналиевдин жеке таарынычын, «узурпация» деп сүйлөгөн орду жок сөзүн колдоого алышкан жок. Буга чейин убада кылып келишкендей 7000 адамды да топтой алышпады. Митингге болгону жүзгө чукул милиция кызматкерлери, дагы жүзгө чукул өтүп баратып кызыгуу менен кайрылган жергиликтүү тургундар катышты. Суваналиев жаттап алган «узурпациясын» монотондуу үнү менен кайрадан кайталап, анын артынан Чыңгызхандын «шакирттерин» күүлөгөн Кубатбек Кожоналиев сөз сүйлөп баштаганда эле каратып туруп калп сүйлөп жаткан бул эрендерге калктын кыжыры келип, борбордук стадиондон ит куугандай кууп салышканына күбө болдук.

Мына ушул митингден эмнегедир ушак менен имиштин «атасын» тааныткан, экс-«ак жолчу» депутат Бегалы Наргозуевдин карааны көрүнгөн эмес. Көрсө, дээринен митаам Наргозуев: «Мен Бишкекте туруп «маалымат согушун» жүргүзө берейин, сен митингди өткөрө бер» деп Суваналиевди күүлөп туруп, өзү жуурканын башына чейин чүмкөнүп үйүндө кала берген экен. Таластан бозала болуп келген Суваналиев Бишкекке келери менен Наргозуевге мурду менен бир тийиптир.

Айтор ортодо аябай көп «поктомойлор» айтылды дешет. «Катани» деген аты бул жолу Наргозуевдин оозу менен бурмаланганын да айтышты. Титиреңдеген Бегалы мырза муну Суваналиев үйүнөн чыгып кеткенден кийин ары басып да, бери басып да «ушундай» турбайбы деп кыжыныптыр. Анан эле көп узабай ага тиешелүү маалымат сайтында: «Кандай жол менен болбосун бийликке келүү урааныбы?» деген темада «Каршылык Көрсөтүү Кыймылынын» лидери Өмүрбек Суваналиевди соккон макала жарыяланды. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн бул макаладан кыскача мисал келтирели. Макалада мындай делет: «Ө.Суваналиевдин командасы, жалпы эле оппозиционерлер бийликти күч менен басып алуу аракетин улантышууда.

Мисалы, Суваналиев Таластагы митингден кийин Нарын облусунда жана Бишкекте нааразычылык акциясын уюштурарын, анда өкмөттү отставкага кетирүү талабын коюшарын жарыялады. Байкап жатасызбы, Ф.Кулов, Ө.Текебаев парламентте коалицияны ыдыратып, жаңысын куроо оюнун жүргүзүп жатса, Ө.Суваналиев Ак үй сыртынан өкмөт кетсин! деп кыйкырып жүрөт. Ушундан эле булардын тамыры бир экенин баамдайсын: кандай жол менен болбосун өкмөттү отставкага айдоо, керек болсо бийликти күч менен басып алуу!

Жогоруда айткандай, өлкөдө баш-аламандык салуу, тынч жаткан элдин тынчтыгын бузуу аркылуу бири өкмөт башчылыкка, экинчиси спикерликке, үчүнчүсү паспорт бизнесин гүлдөтүүгө, дагы башкалары министрлик, губернаторлук сыяктуу кызматтарга жетсек дегенде эки көзү төрт болууда. Мындан улам, оппозиционерлер үчүн Кыргызстандын жаркын келечегинен дагы жеке кызыкчылыгы жогору турарын билесин. Анда өзүмчүл оппозицияга ишеним артуунун кажети барбы?». Мындан улам Бегалы мырза азыркы оппозициянын карөзгөй аракеттерине чындап эле көзү жеткенби же Суваналиев менен бир нерсени бөлүшө албай жатабы деген суроо туулат. Эгерде чындап эле Суваналиевдин жеке таарынычын мамлекеттик деңгээлге көтөрүп жатканына көзү жетип, андан кол үзүүгө бел байлаган болсо, анда «азамат» деп гана айта алабыз.

Айбат гезити №50



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru