Айбат » Суваналиев Ак үйдүн тосмосуна илинеби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Суваналиев Ак үйдүн тосмосуна илинеби?

Ак

«Каршылык Көрсөтүү Кыймылынын» лидери Өмүрбек Суваналиевди «Жыгылган күрөшкө тойбойт» принцибин тутунарын жаза берип чарчагандай болдук. Ал мунусун дагы бир жолу далилдегени турат.

«10-октябрда Таласта 7000 адам чогултуп, өкмөттүн өпкөсүн жулам» деп күпүлдөгөн генералдын дарамети көрүндү. Коомдук тартипти сактаган милиция кызматкерлери, атайын шаардан ырдаганы барган ырчы-чоорчуларды кошо эсептегенде 200 чакты адам Суваналиевдин «концертин» көрүштү. Кызык жери, ошол «колдогон» 200 адамы дагы аягына чейин сүйлөтпөй, тигини ит куугандай дыргаяктата кубалаганын агенттиктердин бири жазып чыкты. «Коендун сүрөтүн» тартканына ызаланган Өмүрбек мырза: «Таластыктарсыз жашоом өтпөй калыптырбы? Алардын колдоосуз эле көздөгөнүмө жетем» таризинде өпкөсүн кагып, 20-октябрда борбор калаада митинг уюштурууга камданып жатыптыр.

«Канча акча болсо да самандай сапырып чачып, адамдарды көчөгө жетелеп чыгам» деп опурулганын аны жандап жүргөндөр айтып келишти.

«Атың чыкпаса жер өрттө» деген ушул тура! Таластан колдоо таппаган Исаак атанын уулун эми бишкектиктер «жер өрттөтүшпөсө» болгону. Дегенибиз, Камчыбек Ташиев былтыр 3-октябрда Ак үйгө жүрүш жасап, темир тосмодон өтүп баратып алаасын алдырып, ыштанын жыртып алганы бар. «Суваналиев кокусунан Ак үйгө чабуул койсо ага ыштан камдай туралы, эл алдында уятка калбасын» деген айрым адамдар атайын акча чогултуп, «Дордойдон» ыштан сатып алганы жатышат дейт.

Ананчы, Чыңгызхандын экинчи «урпагын» темир тосмого алаасын тилдирип, «жылаңач баатыр» кылгыдай элибиз намысын жогото элек!

Айбат гезити №50



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru