Айбат » Марс САРИЕВ: Эгерде узурпация болуп жатса, кана факты?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Марс САРИЕВ: Эгерде узурпация болуп жатса, кана факты?

Марс Сариев- «Кумтөр» маселеси боюнча өкмөттү жарга такап, «Өкмөт кетсин, анын ордуна элдик ишенимдеги өкмөт келсин» дегендер чыгууда. Азыркы өкмөттү таркатканда эле «Кумтөр» маселеси чечилип калабы?

– Жок, эч кандай маселе чечилбейт. Өзүңүздөр көрүп жаткандай азыркы тапта Жогорку Кеңештин депутаттары «Кумтөрдөгү» Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан төмөн болбошу керек деп айтышууда. Андан улам өкмөт «Центерра» менен сүйлөшүүлөргө ЖК депутаттары да катышсн деп билдирди. Андыктан азыркы өкмөттү кетирген күндө дагы жаңы келчү өкмөт да бул маселени чече албайт. Анан аны да кетирүү керек дешет. Ошентип саясый оюн улана берет. Бул биринчи жагы. Экинчи жагынан азыркы учурда өкмөттү кетирүүгө негиз да, себеп да жок. Алдыда кычырап кыш келе атат. Ага даярдануу керек. Анан азыр өкмөттү кетирип жиберсек, жаңы өкмөт түзүлүп, ал иштин нугуна түшкөнчө кышкы суукка даярдыгы жок кабылып калабыз. Азыр өкмөттү кетирүү кызыкчылыгы бул элитанын эле кызыкчылыгы болууда. Анткени азыркы кызмат орундарын бошотуп, ордуларына келгилери келет. Андыктан элди ойлосок өкмөттү кетирүүнүн кереги жок.

- Азыр бийликти бир адам «узурпациялап алды» алды деп кыйкырып жүргөн Өмүрбек Суваналиев менен Бегалы Наргозуевдин жасап жаткан аракеттери өлкөбүздүн келечегине багытталган деп ишене аласызбы?

– Бул жөн эле популизм. Элди көтөрүш үчүн гана ушундай лозунгдарды колдонуп жатышат. Эгерде узурпация болуп жатса, кана факты? Азыр бардык эркиндик бар. Эч кимди куугунтуктаган бийлик жок. Ошол эле Суваналиев Бакиевдердин убагында облус жетекчиси болуп турган, Наргозуев «Акжолдон» депутат болуп, авиакомпаниясы гүлдөп турган. Болбосо, ошол мезгилде Бакиевдин үй-бүлөсү бийликти узурпациялап турганда ооз ачышат эле. Айта алышкан эмес. Анткени ал учурда алардын ташы өйдө кулап турган болчу.

- Таласта митинг өткөрүп, колдоо таппаган Суваналиев эми Бишкекте митинг өткөрөм деп чамынып жатканы маалым болду. Бул саясатчынын аракетин Бишкек шаарынын жашоочулары колдошу мүмкүнбү?

– Таласта митинг өткөрүп, колдоо таба албагандан кийин Бишкектен кантип колдоо тапмак эле? Эл ишеним арта албайт. Анын үстүнө жакын арада аба-ырайы да бузулат. Күн сууктайт. Андыктан анын аракетинен эч нерсе чыкпайт деп ойлойм.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №50



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru