Айбат » Бакиевдердин адвокаты Атамбаевге импичмент жарыялоо демилгесин эмнеге көтөрүп жатат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Бакиевдердин адвокаты Атамбаевге импичмент жарыялоо демилгесин эмнеге көтөрүп жатат?

Бакиев КурманбекӨткөн жылдын 3-октябрында Чыңгызханчасынан 20 «желдети» менен Ак үйдү басып алмакчы болгон Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун эки соту Курманкул Зулушев менен Медер Сатыевдин тегерегиндеги маселе коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Себеби, Соттор кеңеши аталган эки сотту кызматынан четтетүү боюнча сунуш киргизген соңпрезидент Алмазбек Атамбаев аларды кызматтан четтеткен эле. Мындан улам, коомчулукка аты-жыты белгисиз Сотторду коргоо комитетинин төрайымы Бүбүайша Арстанбекова аттуу айым президентке импичмент жарыялоо демилгесин көтөрдү. Бирок, бул мыйзамсыз демилге экенин эксперттер билдиришүүдө.

Былтыр 3-октябрда Камчыбек Кыдыршаевичтин Чыңгызханды мисал кылып, 20 «жоокери» менен Ак үйдү алууга чакырык таштаганын, ал турсун, Ак үйдүн тосмосунан ашып түшүп баратып, алаасын темирге тилдирип, бүткүл дүйнөгө күлкү болгонун элдин баары көргөн. Демек, ушунун баарын көрүп туруп, Чыңгызхандын «шакирттерин» актап жибергендин өзү – кылмыш болуп эсептелет. Андыктан, Б.Арстанбекованын демилгеси – охлократияны көздөп, өлкөдөгү саясый туруксуздукту жараткысы келип жатканы байкалып турат.

Экинчиден, президенттин жарлыгында Соттор кеңешинин чечиминин негизинде К.Зулушев менен М.Сатыев кызматынан бошотулганы бакырайта жазылып турат. Мыйзамга ылайык, мындай жагдайда президенттин баш тартуу же башка механизмдери каралган эмес. Ушундай шартта президенттин Соттор кеңешинин бошотуу тууралуу чечимин колдобой коюу мүмкүнчүлүгү жок. Мындан улам, бул маселеде президент чечүүчү ролду ойнобогону айныгыс факт.

«Президент эки сотту мөөнөтүнөн мурда бошотуу менен сот эркиндигине кысым жасады» деген пикирлер айтылууда. Буга негиз жок. Себеби, Соттор кеңешин Соттор курултайы шайлайт. Ал эми шайлоо процессине президент аралаша албайт. Ошон үчүн, Соттор кеңеши эч бир бийликтен көзкаранды болбой, өз алдынча чечим чыгарды десек жаңылышпайбыз.

Бүбүайша айым өз билдирүүсүндө бул демилгени кароо үчүн депутаттарды чакырарын баса белгилеген. Бирок, мыйзамсыз демилге парламенттен колдоо таппастыгын «ата мекенчи» Ташполот Балтабаев жергиликтүү агенттиктердин бирине курган маегинде билдирген. Анын айтымында, президенттин сотторду кызматтан алып койгону үчүн ага импичмент жарыялоо акылга сыйбайт. «Президентке импичмент жарыялоо маселеси Конституцияда өтө даана көрсөтүлгөн. Ошол Конституцияда каралган гана учурларда импичмент жарыялоо механизмдери иштей алат. Ал эми сотторду кызматтан бошотуу — бул президенттин укугу. Ал эми анын мыйзамдуулугу кандай болгондугун укуктук жагдайлардан караш керек. Президентке импичмент жарыялоо — бул өтө олуттуу маселе. Аны ар ким эле жарыялай албайт» дейт ал.

«Атың чыкпаса жер өрттө» демекчи, элге аты-жыты белгисиз Б.Арстанбекова атын чыгарыш үчүн ушундай мыйзамсыз демилге көтөрүп жатабы же анын артында турган чоң күч барбы? Облимараттарды басып алуу, мамлекеттик кызматкерлерди барымтага алуу сыяктуу аракеттери жүзөгө ашпаган оппозиция лидерлери эми Арстанбекова сыяктуу айымдарды көкүтүп, кезектеги сасыткы оюнун баштаганы турабы? Минтип суроо салганыбыздын жандырмагын айталы. Бүбүайша Арстанбекова убагында Бакиевдердин укугун коргоп жүргөнү маалым. Анан Бакиевдердин адвокаты Атамбаевге импичмент жарыялоо демилгесин эмнеге көтөрүп жатканы, жел кайсы тараптан согуп жатканы айтпасак деле түшүнүктүү эмеспи. Анын үстүнө, Сотторду коргоо комитетинин курамында «Ата журт» партиясынын экс-маалымат катчысы Шайырбек Маматокторовдун болушу – Ташиев, Жапаров, Мамытовдордун президенттен ушундайча өч алууга өткөнүнөн кабар берет.

Тилекке жараша, мындай орунсуз демилге парламенттен колдоо таппастыгын Т.Балтабаев баштаган депутаттар алдын ала айтышууда. Бул жолу аракети жүзгө ашпаган оппозиционерлер эми кандай кадамга барышат болду экен?

Айбат гезити №50



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru