Айбат » Караколдогу митингдин башкы «режиссёру» Садыр Жапаровбу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Караколдогу митингдин башкы «режиссёру» Садыр Жапаровбу?

Садыр ЖапаровАкыркы убактарда өлкөбүздө жөнү жок эле баш-аламандыктарды жараткан ызы-чуулуу митингдерден карапайым калкыбыз жедеп тажап бүттү. Андыктан: «Мына ушундай баш-аламандыктарды жаратып, тынч жаткан элди козутууну көздөп жаткан башкы «сценарист», «режиссёр, «дирижёрлор» качан катуу жазага тартылат?» деп жумурай-журтубуз күтүп турат. Бирок, эмнегедир буга чейин деле биртоп мыйзамсыз аракеттерди уюштурууга катыштыгы бар экендиги даана көрүнүп турган саясатчылар дагы деле көнгөн адаттарынан арыла албай келишет. Буга мисал катары кечэ жакында эле болуп өткөн Каракол шаары менен Саруу айылындагы чуулгандуу митингдерди айтсак болот. Бул митингдердин бир кол менен даярдалганы митингчилердин бирдей түстөгү чыптамаларынан эле билинип турат. Анан дагы атайын атчандардын даярдалганын көрдүк. Койгон талаптары дагы баягы эле «Кумтөр» маселеси. Ырас бул талапты койбогула деп эч ким каршылык көрсөтпөйт. Бирок: «Биздин талаптарды аткарбасаңар, өкмөттүн өкүлүн өрттөп салабыз» деген билдирүү эмнени каңкуулап жатат болду экен? Мындай аракетти карапайым эл өздөрү эле жасап жатпаганы түшүнүктүү. Алардын артына жашынып: «Коркпой эле айта бергиле, биз турабыз го» деп көкүтүп жаткандар бар экендигин кантип байкабай коюуга болот? Телефон аркылуу кимдир-бирөөлөрдүн буйругун аткарып жаткандарын бул жолку митингде да байкадык. Анан дагы алардын талаптарынын бири «Кумтөрдүн» өкүлүнөн 3 миллион доллар талап кылгандары ашкере болгон эки жигитти бошотуу болду. Кантип мыйзамды бузуп, коркутуу жолу менен кимдир-бирөөдөн акча талап кылып жаткандарды жазага тартпастан эле бошотуп жиберүүгө болсун? Муну дагы митингдин «сценаристери» атайын талаптардын бири кылып кошуп, Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевдин туугандарын курал катары колдонуп жаткандары эмеспи? Эске сала кетсек, бул эки жигитти күнөөсүз эле камалып жатат деген пикирин экс-депутат Садыр Жапаров да билдирген болчу. Мына ушундай билдирүүсү менен ал эки жигиттин тууган-туушкандарынан колдоо тапкысы келгени көрүнүп турат. Анан дагы оппозициянын «Кувакы», «Юпи» пландарын ашкере кылган Эрланбек Өмүралиевди адегенде жакшы тааныбайм деп чыкса, кийинчерээк: «Бул жигит патриот жигит, ал бийиктин курмандыгы болуп калды» деп жагалданып чыкты. Андан көп узабай эле Эрланбектин тууган-туушкандарын ири суммадагы акчага сатып алып, мурунку айткандарына карама-каршы пикирин билдирип чыкты. Кыргыз тилдүү басылмалар: «Садыр Жапаров 7-октябрда кайрадан Караколдо митинг өткөрүп, бийликти басып алууну пландап жатыптыр» деп жазып чыгары менен бул жактагы митингдин «сценарийин» түзүп, каражат маселесин чечип коюп: «Мен митингге эч кандай тиешем жок, Түркияга кетип жатам» деп билдирип, Кыргызстандан изин суутту. Бирок, анын канчалык өзүн бул митингдерден оолак көрсөткүсү келгени менен башкы уюштуруучу болгондугу окуянын жүрүшүндө эле аныкталып калды. Буга бир нече себептер бар.

Биринчиден, «Кувакы» планындагы даярдыктар бул митингде абдан жакшы байкалды. Арматура, таш, жарылуучу бөтөлкөлөр даярдалды. Күчкө толуп турган жигиттерди өкмөттүн өкүлүн барымтага алууга, коркутууга түртүштү. Райондук милиция башчысына кол көтөрүштү.

Экинчиден, Садыр Жапаровдун көмүскөдөгү оң колу Нарис Калчаев бул митингди башкарууга алгандыгы тастыкталды. Эмилбек Каптагаевди да барымтага алып, автоунаа ичинде өрттөп салууга да аракет көргөндөрдүн катарында экендиги айтылды. Эң башкысы Каптагевди отургузуп, өрттөйбүз деп коркуткан автоунаа Садыр Жапаровдун бир тууган карындашы Салтанат Жапаровага тийиштүү экендигин митингдин катышуучулары да, мамлекеттик каттоо кызматы дагы далилдеди. Демек, Садыр мырза эл менен бийликтин ортосуна өтө чоң өрттү таштагысы келген. Кудай анын бетин ары кылсын, эгерде кандай чоң кылмыш кылып жаткандарын эске албаган митингчилер автоунааны өрттөп жибергенде жарандык согуштун оту тутанып кетиши ыктымал болчу. Бул эми гана жаңыдан өнүгүү жолуна түшкөн Кыргызстанга өтө катуу сокку болмок.

Дал ушундай оор жоопкерчиликтен качуу максатында Садыр мырза бардыгын уюштуруп коюп, чет мамлекетке куйрук түйүп кеткенин баамдоого болот. Жакшылап баам салсак, буга чейин дагы бир топ митингдин уюштуруучулары митинг болорун алдында ар кандай шылтоолор менен чет өлкөлөргө сызып кетишкен. Кайра келери менен ал митингдерге эч кандай тиешелери жок экендигин, бирок митингчилерди колдой тургандыктарын бир ооздон сүйлөгөндөй билдиришкен. Мунун өзү эле алардын кандай максат койгонун айгинелеп турат. Бул жолу башкасын танса дагы, кайдан-жайдан Садыр Жапаровдун бир тууган карындашынын автоунаасы Эмилбек Каптагаевди барымтага алып, өрттөөгө тартылганын тана алышпаса керек. Балким « башка унаа таппай калдыңарбы» деп Садыр Жапаров тууган-туушкандарын каарып жаткан да болуш керек. Балким бул унаага байланыштуу дагы өзүнүн кезектеги актануусун даярдап жаткандыр. Кандай болгон күндө дагы мындай оор кылмышка аракет кылгандарды дагы, аны уюштургандарды дагы мыйзам чегинде жазага тартуу маселеси турат. Болбосо, оппозициячыл күчтөр мыйзам чегинен чыгып бара жатышат

Бакыт БЕКТУРОВ

Айбат гезити №50



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru