Айбат » Эшектен акыл сураган «Шрек» – 2

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Эшектен акыл сураган «Шрек» – 2

Шрек 2Кыргыздын макалдары дал бутасына тийгени менен маанилүү. Мисалы, «Эшегине жараша тушагы» деген макал бар. Мунун Сартбаев менен Сатыбалдиевге кандай тиешеси бар деген суроо жаралары – мыйзам ченемдүү көрүнүш. Элмурза мырза убагында Бакиевдер менен коюн колтук алышкан дос болуп, алардын камчысын катыра чапканын коомчулук билет. Ошондо өзүнүн оппоненттерин сындырыш үчүн Жаныш Бакиевге жагалданып: «Жаныш Салиевич, Паланча деген сизди жамандап жүрүптүр. Бир ордуна коюп койбосоңуз болбойт. Чүйдүн прокурорлугуна түштүктөгү үкаларыңыздын бирин дайындайлы, ишенимдүү болот» дегендей жердешчилик дартына чалдыкканын эски режимдин аткаминерлеринен сурасаңар айтып беришет. Ушундай эле интриганын ичегисине кан куймай, саясатчыларды бири бирине кайраштырып, жалган маалымат таратмай жагынан Сатыбалдиевди жазбай тарткан Асланбек кесиптешибизди көрүп жакабызды кармадык. «Эшегине жараша тушагы» деген ушул эмеспи?

Өткөндө Элмурза Раакыевичтин сулуу кыздар дегенде «катып» каларын, аларды торго чалдырмайды, кыргызча айтканда, «жеңелик» милдетти Асланбек Сартбаев аткарарын жазганбыз. Албетте, бул анын жеке маселеси, анын жеке турмушуна кийлигишкенге акыбыз жок. Бирок, анын убагында элге белгилүү ырчы айымды шынаарлап, махабат көлүнө чөмүлүп, көңүлү калгандан кийин салыңды катындай таштап, ал турсун, белекке берген машинеси менен «особнягын» доолаганы жигитчиликке жатабы?

Э.Сатыбалдиевдин берешендиги жанда жок. Өзгөчө, ак куу сымал керилген, маралдай маңкайган кыздардан, өзүн апендинин кызындай мактаган журналисттерден акчасын аябайт. Айрым журналисттерге маалымат сайттарын, гезиттерди ачып берип, демөөрчүлүк көрсөтүп жүрөт. Көрсөтсө көрсөтсүн. «Бирок, үч жылдан бери соттук процесстен башы чыкпай, эч жерде иштебеген адам мынча каражатты кайдан тапты?» деген суроо жаралат. Же Башкы прокурор кезинде укум-тукумуна чейин жетер байлык жыйнап койгонбу?

Сөздү ала качтырып жибердик окшойт, «Шрекке» кайтып келели. Мультфильмдеги башкы каармандар кээде уруша кетет эмеспи. Тагдырдын тамашасын карабайсыңбы, кудум мультфильмдегидей экөөсү урушуп кетип жатпайбы. Көрсө чырдын чыгышына Э.Сатыбалдиевдин «Учурду» Сартбаевден алып, өз алдынча чыгартканы себепкер болуптур. Ачуусун кантип чыгарарын билбей, айласы куруганда «Учурду» бийлик сатып алды дегендей жалган маалымат таратып жатканын карабайсыңбы! Элмурза акасын сого албайт, соксо айына алып туруучу «салыгынан» айрылбайбы. Ал эми эшекти какыраган чөлгө айдап койсо элестетип көргүлө, ачкадан өлбөйбү?

Баса, Асланбек Сартбаев гезитинин кечээги санына акасы Сатыбалдиевди коргоп жазыптыр. «Чын чычалайт, калп камырабайт» демекчи, Асланбектин Элмурза мырзаны коргошу – биздин жазгандарыбыздын тууралыгын айгинелейт эмеспи? Не дегенде, эмнеге «Азия-Ньюстан» бөлөк гезиттер биздин макалага реакция кылып, Сатыбалдиевди жата калып жакташпайт?

«Шрек» тууралуу баяныбыз дагы көпкө уланчудай. Калган кепти кийинкиге калтыралы…

Айбат гезити №50




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru