Айбат » 2014-жылга газ маселеси кандай чечилет?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Негизги, Экономика » 2014-жылга газ маселеси кандай чечилет?

газ

Жай айларында кыргыз жана орус өкмөттөрү келишимге кол коюп, ага ылайык “Кыргызгаз” ишканасы болгон-бүткөн карызы менен орусиялык “Газпромго” 1$га сатылган эле. Келишимдин шарты боюнча Кыргызстанды мындан ары газ менен “Газпром” камсыз кылат.

Бирок бул өкмөт аралык келишим эки мамлекеттин тең парламенттеринен ратификация боло элек. Ал эми негизги газ экспорттор болгон Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн келишим 31-декабрда аяктайт.

“Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевке кайрылып, 2014-жылы кыргызстандыктарды газ менен камсыздоо милдеттин ким алат деп сурадык.

Тургунбек Кулмурзаев, “Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун жетекчиси:

– “Ушу тапта Өзбекстан менен түзүлгөн келишим иштеп жатат. Анын мөөнөтү 31-декабрда аяктайт. Ал эми Казакстан менен келишимдин мөөнөтү 1-октябрда аяктаган, азыр муну 31-декбрга чейин узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Болгону алар 12 миллион доллар карызыңарды жапкыла деп жатат. Биз аны жыл соңуна чейин төлөп бүтөбүз деп сүйлөшүп жататбыз. Ал эми жаңы келишимдерди болсо “Газпром” түзөт. Ноябрь ичинде Жогорку Кеңеш менен Мамлекеттик Дума өкмөт аралык келишимди ратификацияласа, анан ноябрь соңуна чейин сатуу иштерин аяктасак, ошону менен эмки жылкы милдеттемелердин баарын тең “Газпром” алат”.

Назгүл Коңурбаева:

– Эгер ратификация кечеңдеп жыл соңуна чейин ишке ашпай калса, анда кийинки жылга келишимди ким түзөт?

Тургунбек Кулмурзаев:

– “Мына азыр көптөр ушинтип чоочулап жатышат. Баары жакшы болот, газ болот. Жогорку Кеңеш муну колдоп жатат, Мамлекеттик Дума дагы батыраак эле ратификация кылалы деп жатышат. Калган техникалык маселелерди биз өзүбүз чечебиз”.

Назгүл Коңурбаева:

– Эгер келишим ишке ашып, күтүлгөндөй “Газпром” кыргызстандыктарды газ менен камсыздоого өтсө, бул жагдай баа саясатына таасир береби? Анткени кыргыз бийликтери өзбек газынын баасы кымбат болуп жатканын буга чейин айтып келбеди беле.

Тургунбек Кулмурзаев:

– “Биздин жасап аткан иштин максаты дагы ушул. Мисалга, Россия Беларусияга 169 доллардан берет. Булар эми албетте Бажы Уюмуна мүчө болгон союздаш өлкөлөр. Бирок Арменияга деле Орусия 190 доллардын тегерегинде газ алып берип жатат. Эми бизге 200 доллардын тегерегинде болсо оптималдуу баа болмок”.

Назгүл Коңурбаева:

– Ал эми бул ички рыноктогу баага кандай таасир бериши мүмкүн. “Газпром” кардарлар үчүн өзү каалагандай баа коебу?

Тургунбек Кулмурзаев:

– “Баа саясатын “Газпром” кыргыз мыйзамдарынын негизинде жүргүзөт деп келишимде жазылган. Траифти албетте “Газпром” коет, бирок алар ошол тарифтти Кыргызстандын монаполияга каршы агенттиги менен макулдашып анан ишке ашырат”.

Назгүл Коңурбаева:

– 2014-жылы Кыргызстанда газ үзгүлтүксүз болот деп күтүүгө болобу жана баасы арзандашы мүмкүнбү?

Тургунбек Кулмурзаев:

– “Эгер “Кыргызгаз” “Газпромго” өтсө газ сөзсүз болот. Буга 100% кепилдик бар. Баа дагы түшөт деп ойлойбуз”.

Айбат гезити №50




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru