Айбат » Мигранттар Орусияны тажаттыбы же улутчулдук маанай күчөдүбү..?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » Мигранттар Орусияны тажаттыбы же улутчулдук маанай күчөдүбү..?

мигранты“Бул процесс алда качан көзөмөлдөн чыгып кеткен. Азыр өлкөдө мыйзамсыз мигранттардын саны эсепсиз. Жер төлөөлөрдө, чатырларда, ар кайсы булуң-бурчта жашап жүрүшөт. Тилекке каршы бул мигранттардын гана эмес аларды көзөмөлдөгөн органдардын да күнөөсү. Бирөөнү өлтүрүп кеткенде эле жабыла чыгып тазалап калабыз. Башка убактарда жайбаракат көйгөй уламдан тереңдеп баратат. Азыр кечинде ээн-эркин көчөгө чыга албайсың, жергиликтүү калк өз мамлекетинин борборунда өзүн коопсуз сезишпейт. Ошондуктан мигранттар тапкан акчасын жеткирүү үчүн үйүнө кеткенде, аны кайра Орусияга киргизип жатканда катуу текшериш керек”, – дейт Ярослав Нилов.

Жыл башынан бери Орусия жаны миграция саясатын кабыл алган. Анын алкагында көптөгөн чектөөлөр киргизилип, массалык рейддер убагында миңдеген мигранттар кармалган. Ага удаа улутчул топтор да баш көтөрүп, полиция менен катарлаш өз алдынча тазалоо иштерин жүргүзүп келишет. Мындай мыйзамсыз рейддер учурунда тараптар кагылышкан да учурлар катталды. Өткөн аптада орус улутундагы жаш баланы азербайжандык адам өлтүрүп койгондон кийин, жергиликтүү калк көтөрүлүп, мигранттар иштеген соода борборун талкалап, полиция күч менен араң басты. Расмий бийлик бир тарабынан, улутчул топтор экинчи тарабынан тишин кайрап, мигранттар туш тараптан кысымга алынууда. Орусияда мигранттарга болгон мамиленин мындай кескин өзгөрүшүңө эмне себеп болду? Алар чындап эле элдин кыжырына ушунча тийдиби?

Европа комиссиясы бул маселеге өзүнүн соңку төртүнчү докладында кайрылган. Анда бул өлкөдө радикалдуу улутчулдук күч алганы айтылат. Мамлекеттик думанын депутаты Ярослав Нилов бир жагынан Орусияда улутчулдук күчөп жатат деген пикирге макул.

“Ушундай маанай бар, орустардын улуттук аң-сезиминде кайра жаралуу процесси жүрүүдө. Анткени бизде мыйзамсыз миграциядан тышкары ички миграция да чоң көйгөй болуп саналат. Андан сырткары улут аралык маселелер да чечилбеген. Ошондуктан өзүн орус деп эсептеген калктын токсон пайызы кимдир бирөөгө каршыбыз деп жаткан жок, алар орустардын как өзү кемсинтилген абалда экенин айтып жатышат. Бизде мыйзамсыз мигранттар, коррупциялашкан чиновниктер жана күч органдары коюн-колтук алышып кеткен. Ошондуктан коомдо чыңалуу күч. Мына Бирюлеводогу тополоң мунун далили”, – дейт депутат.

Ал эми кыргызстандык экономист серепчи Кубанычбек Идинов Орусиядагы соңку окуяларды чоң глобалдык саясат менен түшүндүрөт. Мигранттарды кууп жиберүү Орусия үчүн да, мигранттар келген мамлекеттер үчүн да зыяндуу. Орусияда жүргөн мигранттардын жарымы эле кайтып келе турган болсо, өлкөдө социалдык жарылуу болушу мүмкүн. Ал эми Орусиядагы мигранттардын жарым эле чыгып кете турган болсо, бул өлкөнүн экономикасы чоң жоготууларга учурайт. Ошондуктан Кубанычбек Идиновдун айтымында, мигранттарга карата жек көрүү, улут аралык тирештерди сырткы күчтөр уюштуруп жаткан сыяктанат.

“Азыр Орусиянын айланасына мурдагы совет өлкөлөрү чогулуп, ага Кытай, Индия, Пакистан биригип кетсе чоң экономикалык күчкө айланат. Ошондуктан улут аралык, мамлекет аралык тирешүү жаратып туруу боюнча чоң саясат болушу мүмкүн”, – дейт экономист.

Кыргызстанда миграция маселеси өтө чоң көйгөйлөрдөн. Бир миллиондон ашуун калкы сыртка иш издеп кеткени айтылат. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда эмгектенет. Алардын жылына мекенине салган каражаттары бир миллиард доллардан ашат. Ошондуктан Орусиядагы мигранттар айрым учурда саясий рычагга да айланып калганын айтышат байкоочулар.

Булак: Би-Би-Си кыргыз кызматы

Айбат гезити №50



Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Москвага суйгонумдун жанына барайын дегем! Бирок минге жакын кыргыздарды департ кылып айдап салыптыр россиядан! Менин оюумча мигрантар аябай кобойуп жатышканы орустарды кызгандырат! Ошол себеп айдап жатышат! Орустардын жери кенири чон болгону менен! Ичи тааар орустардын! Азыр жон эле кочодо орустун хулиган балдары мигрантарды токмоктоп кетип атат экен! Ошондуктан орус досунар болсо АЙ БАЛТАНАРДЫ ала жургуло опасно да! Иштеп жургон суйгонум БУРУЛ СЕНИ СУЙОМ! Тугандарым. Жердештерим. Суйгонум баарынар аман эсен жургуло! Арген. Озгон сити! 94.kg

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru