Айбат » Мирбек Атабеков тасмага тартылат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Мирбек Атабеков тасмага тартылат

мирбек Атабеков

Учурда Кыргызстанда “Тумар же болбосо жылдыз бол” ( «Тумар или стань звездой KG») тасмасынын тартылуу иштери жүрүп жаткан учуру. Бул кинодолбоорго Жакен Чотой жана Талгат Асыранкуловдор режиссерлук кылууда. «Altai cinema group» жана «Arbudu Filmproduktion. Berlin” киностудиялары тарабынан тартылып жаткан тасма кыргызстандык жана германиялык режиссерлордун биргеликте иш алып баруусунан кабар берет. Ал эми аталган тасманын башкы ролу Мирбек Атабеков менен бильярдчы Каныбек Сагынбаевге тийди. Тасманын негизи эки ага-ини чоң шаарга келип эч нерсеси жок калганына карабастан, экөө алдына койгон максаттарын көздөй умтулат. Аталган тасманын менеджери Мээрим Төлөпбергендин айтуусунда тасманын бюджети 100 000 АКШ долларын түзөт. Ушул тапта тасманын тартуу иштери кызуу жүрүп жаткан учуру. Толук кандуу 14-февралда бүтөт деп пландашууда. Андыктан, тасма кандай болгонун ошондо көрө алабыз.

Айбат гезити №50



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru