Айбат » Эркектерди эриниңиз менен эриткиңиз келсе

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Эркектерди эриниңиз менен эриткиңиз келсе

эринЭндикти самын менен жууганга болбойт

Ал эриндерди кургатып кесилишине алып келет. Эриндерди тазалоо үчүн атайын каражаттарды колдонуңуз. Колдонгон суюктукту атайын назик кездемеге салып, анан акырындан ооздогу боёкту массаж түрүндө сүртүп алыңыз.

Жеңил массаж жасаңыз.

Сүлгүнүн учу менен же нымдуу тиш щетка менен эриндерге күнүнө бир жолу массаж жасаңыз. Массаж учурунда кан эриндерде бат иштеп, алар кызыл жана сүйкүмдүү болуп көркүнө чыгып калат.

Ооздун тегерегине кам көрүңүз

Ооздун тегерегиндеги бырыштар, катмар болуп туруп калган сызыктар, эриндерди эле эмес, адамдын толук жүзүн бузуп салат. Ошондуктан аларды атайын лифтингдердин таасири менен азыктандырып жок кылып же алардын түшпөшүнүн алдын алыш керек.

Эгер сиз бетиңизге үй шартында дайыма маскаларды кылып, кремдерди сүйкөп кам көрсөңүз, эриндерге андан да эки эсе көп кам көрүңүз. Анткени, эрин бул бет эмес же каш, көз эмес. Ал абдан назик, жука, сезимтал. Ал тургай, анда күндүн нурунан коргоочу табигый заттар жана коргоочу майлар да жок. Ошондуктан, күндүн нуруна, шамалга, муздак абага, чаңга, боёкко жана башка айлана чөйрөдөгү терс көрүнүштөргө туруштук бере албайт. Бат эле кесилип, кургап, канап, бырышып начар абалга бат чалдыгат.

Организм ооруганда

Эриндер кургап кеткенде – организмдеги тамак сиңирүү начарлап, бузулуп кеткенин жана К, А, Е, В витаминдеринин жетишпей жатканын билсек болот. Ошондой эле бөйрөк жана боор ооруганда да ооз кургап, белги берет. Эгер эриндериңиз кургап кетсе, боорум же бөйрөгүм ооруп атат деп кабатырланып алганыңыз да болбойт. Себептери көп болушу мүмкүн, бирок текшерилип койсоңуз андан да жакшы.

Учук

Эриндерге кам көрүүдө күндө аны тазалап жана азыктандырып турууну унутпаңыз. Эриндерди тазалаганда атайын каражаттардан бөлөк майлуу кремди жана өсүмдүк майын да колдонсо болот.

Өсүмдүк майын тазалоо каражат катары эле эмес, сүйкүмдүү кылуучу, азыктандыруучу, коргоочу зат катары да пайдаланса болот. Кургак эриндерге көчөгө чыгаардын алдында өсүмдүк майынан сиңиртип сүйкөп алып чыгыңыз. Аны азыктандыруучу маска катары колдонгондо: уктаардын алдында кургап, кесилип кеткен оозго (өсүмдүк майын) сүйкөп коюп жатыңыз.

Гигиеналык табигый ооз боёгучтарды эриндерди азыктандыруу, терс таасирлерден коргоо үчүн колдонсо болот. Табигый өсүмдүк майларын эле колдоном десеңиз, ши майынан жасалган ооз боёгучтар же майдын өзү жакшы таасирин берет.

Массаж

Өсүмдүк майларынан жасалган маскалардан бөлөк өз алдынча массаждарды жасап, эриндерге кам көрсө болот.

Назик тиш щетканын тиши менен 2 мүнөттүн ичинде массаж жасап чыгыш керек. Бул ыкма кан айланууну жакшыртып, эриндерге чың өңдү берет. Болгону аны ооздо кесиндилер жокто гана жасаш керек.

Массаждан кийин эриндерге сүйкүмдүү кылуучу кремдерди сүйкөш керек. Мисалы, көздүн айланасына сүйкөлгөн кремди сүйкөсө болот. Бетке колдонгон кремдерди сүйкөбөңүз.

Бырыштарды кетирүү үчүн көнүгүү

Эринге ооз боёгучту сүйкөгөндө астын-үстүн бири бирине сыйпап, боёкту жугузабыз. Ошондой ыкмада эле майды сүйкөп алып, асын же үстүн астына сыйпап массаж кылып туруңуз.

Мөмөнүн жардамы

Алманын сыртын арчып, ичин кыргычтан өткөрөсүз. Өткөрүлгөн алмадан бир кашык алып, ага ак майдан жарым кашык кошуп аралаштырып маска жасаңыз. Аны эриндерге 15 мүнөткө коюңуз.

Алманы бананга, бадыраңга, өрүккө, кызылчага алмаштырса болот.

Айбат гезити №50



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru