Айбат » Эки жашар Диананы өлтүргөн өгөй ата менен эне сөрөй кармалды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » Эки жашар Диананы өлтүргөн өгөй ата менен эне сөрөй кармалды

малышАкыркы кезде чоңдордон жапа чегип, оор абалында ооруканага түшкөн жаш балдардын, бөбөктөрдүн саны арбып барат. Жакында Ак-Суу районундагы эки жашар кыздын өлүмү коомчулукту дүрбөлөңгө салды.

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун ооруканасына 5-октябрь күнү денесинен оор жаракат алган 2011-жылы туулган Камчыбекова Диананы энеси Камчыбекова Жаркынай алып келген. Эки жашар кыздын денесинин баары көгала, башы шишигендиктен эс-учун жоготуп, эти ысып,температурасы көтөрүлүп кеткен. Албетте, мындай бейтаптардын далайын дарылап жүргөн ак халатчандар дароо эле милиция кызматкерлерине кабарлашкан. Ооруканага келген тартип сакчылары кыздын денесинен көгаланы көрүп, дароо эле энеси 1992-жылы туулган Жаркынайды суракка алышат.

Жыйырма бир жаштагы эне сөрөй милиция кызматкерлерине Диананы мындан эки күн мурун, 3-октябрда өгөй атасы Алмаз Турдакунов урганын айтат. Көрсө, ошол каргашалуу 3-октябрь күнү күндүзгү саат үчтөр чамасында эки жашар Диана үйдүн ичинен паластын үстүнө заара ушатып койгон экен. Тили эми гана чыгып, жакшы сүйлөй албаган Диананын бул кылыгы өгөй атасынын кыжырын келтирсе керек. Бөбөккө ушунчалык жини келген Алмаз аны камыр жайчу үбөлүк менен башка жана жамбашына бир нече жолу чаап жиберген. Чучуктай чаңырган Диананын үнү кудайга жетип, болушат деген кыязда энесине чуркап барат. Бирок эне сөрөй кызына болушкандын ордуна эринин сөзүн сүйлөп, Диананы эмнеге сийесиң, тилиң жокпу деп башка-көзгө чапкылап, ого бетер сабап кирет.

Өзүнүн энесинен жылуу сөз укпай, денеси сыздап ооруган бөбөктүн жандүйнөсү канчалык жанчылганын ошол кезде эне сөрөй да сезбептир. Токмок жеген Диана ошондон тартып баса албай, катуу ооруп, төшөккө жатып калат. Анын ооруп калганын көргөн Жаркынай менен Алмаз доктурга алып барбай, көгаласы тараса эле айыгып кетет деп үйдө кармашат. Бир чети доктурга алып барсак денесиндеги көгаласы каяктан деп сураса эмне дейбиз деп чочулашат. Бирок эки күн үйдө жаткан Диананын абалы улам оорлоп, оорудан онтоп, чыдабай, эти ысып, акыры эсин жоготуп, комага түшүп калганда гана Жаркынай аны ооруканага алып барат. Дарыгерлер Диананын абалы өтө оор болгондуктан дароо эле реанимацияга жаткырышкан.

Бөбөктүн денесинен бир нече сөөгү сынып, башы гемотома болуп кан уюп калган экен. Дарыгерлер Диананын өмүрүн сактап калуу үчүн канчалык аракет кылса да ооруканага түшкөн күндүн эртеси эле 6-октябрда эсине келбей көз жумуп калды. Ак халатчандардын айтымында, Диананын өлүмүнө себепкер болгон сокку анын башында болгон. Балким Диананы жаракат алаары менен дароо эле өз убагында ооруканага көргөзсө, дарыгерлер аны аман алып калат беле. Анын кеч кайрылганы да өлүмгө себеп болгонун айтышты ак халатчандар.

Ак-Суу районунун тартип сакчылары Жаркынайдын көргөзмөсүнөн кийин дароо эле анын эри 1978-жылы туулган Алмаз Турдакуновду кармашкан. Эрди-катын экөө тең кызды сабаганын айтып, күнөөлөрүн мойнуна алышты. Жаркынай Камчыбекова кош бойлуу болгондуктан аны аймактан чыкканга болбойт деген каттоо менен үйүнө кое беришти. Ал эми А.Турдакунов Каракол шаарындагы 23-СИЗОсунда отурат. Учурда Ж.Камчыбекова менен А.Турдакуновдун үстүнөн КР КЖКнын 28 жана 97-беренелери менен кылмыш иши козголду.

Кичинекей кыздын өлүмүнө себепкер болгон Жаркынай менен Алмазды тартип сакчылары суракка алып, убактылуу кармоочу жайга камаганда алар Ысык-Көл облусундагы укук коргоочу Камил Рузиевге кайрылышкан. Укук коргоочу А.Турдакунов менен Ж.Камчыбекованы милиция күч колдонуп, күнөөсүн мойнуна алдырышкан деп прокуратурага арыз менен кайрылып жүрөт дейт. “Албетте, баардык жерде адам укугу сакталышы керек, кылмышкердин да, жабырлануучунун, атүгүл кичинекей эки жашар кыздын да укугу бар, ошол эле учурда милициянын да аларды суракка алууга укугу бар, бул жерден милиция эч кандай күч колдонгон жок, тилекке каршы кызды сабаган учурда эрди-катындан бөлөк эч бир күбө жок экен”, – дейт Ысык-Көл облусунун ИИБнин басма сөз жетекчиси Сталбек Усубакунов.

Айбат гезити №50




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru