Айбат » Калп ырыскыны кесет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дин » Калп ырыскыны кесет

бычакЭки эркек киши бир баштыкка жүз динардан салып, «Бул баштыкты биз экөөбүз чогуу келип сураганда гана бер. Эгер экөөбүздүн бирөөбүз гана келсек, анда баштыкты бербегин» – дешип, бир аялга тапшырышат. Бир канча убакыттан кийин эркектердин бирөөсү гана келип: «Менин досум өлүп калды. Мага биздин баштыгыбызды бер», -деп сурайт. Аял баштыкты бербей коёт. Анда тиги киши аялдын туугандарына барып, болгон иш жөнүндө айтып берет. Акыры туугандарынын кийлигишүүсү жана мажбурлоосу менен акчаны кайтарып берет. Арадан бир жылдай убакыт өткөндөн кийин баштыкты таштап кеткен экинчи киши пайда болуп, аялдан динар салган баштыкты берүүсүн талап кылат. Аял: «Сенин досуң “сени өлдү” деп келип, ал баштыкты алып кеткен» – дейт. Бирок ал ишенбейт, ортодо чыр чыгат. Алар бул чырды чечип берүүнү суранып, Умарга (Аллах андан ыраазы болсун) барышат.

Умар:

– Алган баштыгыңды кайрып бер!

Аял:

– Аллах үчүн, айыптай көрбө! Бизди Али ибн Абу Талибге (Аллах андан ыраазы болсун) алып бар, ошол бизге күбө болсун.

Үчөө Али ибн Абу Талибге (Аллах андан ыраазы болсун) барышты. Ал да болгон окуяны угуп, тиги эки киши сүйлөшүп алышып, бул күнөөсүз аялды коркутууну чечишкендерин түшүнөт да, тиги кишиге:

– Эмнеге экөөңөр бирге келбесек акчаны бербейсиң деп макулдашпадыңар? -деп суроолорун берип жатты. Тиги киши ишенимдүү жооп берип отурду. Али (Аллах андан ыраазы болсун):

– Сенин акчаң бизде. Досуңду чакыр, акчаны бирге келип алып кеткиле, -дейт тигини сынап. Тиги киши кылгандары үчүн уялып, жолуна түшөт.

МАДОННА КУРАН ҮЙРӨНӨТ

Дүйнөгө белгилүү поп-жылдыз Мадонна (Мария-Луиза Чикконе) учурда Куран үйрөнүп жаткандыгын билдирди.

«Мен мусулман өлкөлөрүндө кыздар үчүн мектеп куруу менен алекмин. Ошону менен бирге Куранды да үйрөнүп жатам. Мен үчүн баардык ыйык китептерди окуп чыгуу абдан зарыл болуп турат», – деди «Harper’s Bazaar» гезитине берген маегинде.

Мадонна социалдык түйүндөрдүн биринде өзүнүн никабга окшогон кийим менен түшкөн сүрөтүн «Ашыктыктагы төңкөрүш… Инша Алла» деген ат менен жарыялагандан кийин күйөрмандарынын арасында ар кандай айың кепке кабылган.

Анын исламга болгон кызыгуусу Брахим Зайбат аттуу алжир улутундагы мусулман сүйүктүүсүнүн себебинен улам болгон. Булардын Турциядагы мечиттердин бирине зыярат кылгандагы сүрөттөрү дүйнөлүк медиага таркап кеткен.

ЭСКЕРТҮҮНҮН ПАЙДАСЫ

Момундардын башчысы Умар ибн аль-Хаттабга (Аллах андан ыраазы болсун) мөөнөтүнөн үч ай мурда төрөгөн аялды “ойноштук кылган” деп айыпташып, алып келишти. Умар “аны сабап салгыла!” -деп буйрук берет. Умардын бул чечими жөнүндө уккан Али ибн Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун) «Бул аялды жазалоого болбойт», – дейт. Умар Алинин эмне үчүн мындай дегенин суроо үчүн чабарманын жөнөтөт. Анда Али ибн Абу Талиб (Аллах андан ыраазы болсун) мындай жооп берет:

-Улуу Аллах айтты: “Бала эмизүүчү энелер балдарын толук эки жыл эмизгенге милдеттүү, эгер баланын атасы баланы эмизүүнү токтотууну кааласа гана эмизүүнү мөөнөтүнөн эртерээк токтотсо болот.” Аллах дагы мындай деди: «Бойго бүткөндөн эмчектен чыгарганга чейин 30 ай өтөт. Бул учурда 6 ай кош бойлуулук убактысына кетсе, 24 ай эмизүү менен өтөт.”

Умар аялды коё бердирет да, «Эгер Али болбогондо, Умардын иши бүтмөк» -дейт.

ИШЕНИМ МЕНЕН КЕЧИРИМДИН БААСЫ

Умар ибн аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) башкаруучу болуп турган кезде үч киши бир жолоочуну Умарга алып келишет да:

– Момундардын башчысы, бул киши биздин атабызды өлтүргөнү үчүн аны жазалашыңды суранабыз» – дешет, Умар күнөөлүү делген адамга карап:

– Сен эмне үчүн булардын атасын өлтүрдүң? -деп сурайт.

– Мен төө жана эчки багам. Менин төөлөрүмдүн бирөөсү булардын атасынын жайытынан бир түп чөп жеп алыптыр. Булардын атасы төөнү көрүп ачууланып, таш менен урду эле, төө эс-учун жоготуп жыгылды. Анан мен да ачууланып, ошол төөнү урган таш менен анын өзүн урдум, ошентип ал өлүп калды.

Умар болгон окуяны угуп мындай деди:

– Бирөөнү өлтүргөнүң үчүн жаза тартышың керек, биз сени өлтүрөбүз.

Умардын аябай адилеттүү, боорукер жана элинин суранычына көңүл бурган падыша экенин билип, малчы ага акыркы суранычы менен кайрылды:

– Башчым, мага үч күн убакыт бер, атамдан калган мурасты бөлүштүрө элек элем. Эгер силер азыр мени өлтүрсөңөр, иним да, мал-мүлк да жоголот, ошон үчүн буларды жай-жайына коюуга 3 күн убакыт берүүңдү суранам, мага мындан башка эч нерсе керек эмес!

Муну уккан Умар ачууланып:

-Бул жерде сени эч ким тааныбайт. Сен чоочун адамсың! Сени кимге ишенип тапшырмак элем!»- деп каарданат. Койчу аянтка чогулган адамдарды үмүт менен карап туруп, тургандардын арасынан бир адамды көрсөтүп «мына бул адам!» – деп кыйкырып жиберет. Бул Пайгамбар Мухаммаддын (Аллахтын саламы жана ыракматы болсун) нурлуу тилектеши жана баары жакшы көргөн Абу Зарр эле.

Умар Абу Заррга кайрылып:

– Сен чын эле бул адам үчүн жооп бересиңби? – дейт.

Абу Зарр башын ийкеп макулдугун билдирет. Аянттагы адамдар Абу Заррдын бул кылганы үчүн аны жемелеп жатышты. Эгер киши өлтүргөн чоочун адам качып кетсе, анын жазасын Абу Зарр тартмак эле. Бирок бул ойлор Аллахтын Элчисинин нурлуу тилектешин артка кайтара албады. Ал берген убадасында турду. Чоочун адамга 3 күн убакыт берилип, ал үйүнө жөнөтүлдү. Аянттагы адамдар Абу Зарр үчүн сарсанаа болушуп, үйлөрүнө кайтышты. Чоочун кишинин кайрылып келерине көпчүлүгү ишенишпеди. Күндөр өтүп жатты. Мединадагы адамдардын баары жазага тарта турган күндү күтүп жатышты. Убадалашкан күн да келди. Элдин баары аянтка чогулушту. Бирок чоочун кишинин карааны да көрүнбөдү. Күн батып баратты. Бир убакта көпчүлүктүн ичинен «Ал кайрылып келе жатат, кайрылып келе жатат»- деген үн угулду. Алыскы жолдон чарчап-чаалыккан малчы Умардын алдына келип, бийик үн менен:

– Убадамды аткардым. Мен айткан мал-мүлктөрдү орду-ордуна жайгаштырдым. Эми жазамды алуу үчүн мага эч нерсе тоскоол болбойт,- деди. Умар таң калуу менен жүдөгөн малчыга карап, анын чечкиндүүлүгүнө суктана:

– Оо, Аллахтын кулу! Сенин кайра кайрылып келүүңө эмне себеп болду? Эмнеге ушунча күн ичинде качып кетпедиң?

Койчу:

– Мен адамдардын «Адамдарда ишеним калбай калыптыр»- деп айтышарынан корктум.

Умар Абу Заррды чакырып, «Сенин өмүрү тааныбаган, бир да жолу көрбөгөн, дагы көрөр – көрбөрүңдү билбеген адамга жооптуу болгонуңа эмне себеп болду?» – деп сурайт.

Абу Зарр:

– Мен адамдардын «Адамдарда ишеним калбай калыптыр»,- деп айтышарынан корктум.

Бул сөздөр өлгөн кишинин балдарынын жүрөктөрүн жумшартат. Алар Умар ( Аллах андан ыраазы болсун) башчыга кайрылышып :

– Биз аны кечирдик»,- дешти.

башчысы:

– Эмнеге?

Тиги даттанып келген эки адам:

– Биз адамдардын «Адамдарда кечирим калбай калыптыр»,- деп айтышарынан коркобуз.

Айбат гезити №50



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru