Айбат » Ормон Ниязбек уулу (1792-1855)

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Ормон Ниязбек уулу (1792-1855)

Ормон Ниязбек уулу

Ата Бабалары

Түптүү бий тукуму. Оң канаттагы сарыбагыш уруусунан. Бабасы Манап бийдин аты кыргыз ичинде ак-сөөктүктү туйдурган энчи атка айланып калган. 4 атасы Маматкул бий кыргыздардын жогорку бийи болуп “хан” чениндеги адам экендигин кытайлыктар 1758 жылы Кыргызстанга келишкенде жазып кетишкен. Чоң атасы Эсенкул бий дагы оң менен солго бийлиги өткөн, өз заманын көрүнүктүү саясатчыларынан болгон. Анын демилгеси менен азыркы Чүй, Талас өрөөндөрүн кыргыз уруулары туруктуу жайлашып, Ата Конушту сактап калуунун эң негизги шарты түзүлгөн. Өз атасы – Ниязбек. “Ниязбектин сегиз бек, телегейи тегиз, теменеси болот бек” аталышкан. Демек 8 бир тууган болушкан.

Ормондун теги толугу менен: Тагай бий → Сарыбагыш (Кылжыр) – Дөөлөс – Манап бий – Сүтөй – Сарсейит – Үчүкө – Маматкул – Болот – Эсенкул – Ниязбек – Ормон.

Ормондун хан көтөрүлүшү

Ормон хандын хан көтөрүлүшүнө анын ата-бабаларынын эл үчүн кылган иштери, алардын атак даңкы, эрдиктери чоң салым кошкон. Ормондун хандыкка көтөрүлүшү 1842 ж. (кээ бир учурда андан алда канча эрте убакытты айтышат – 1825) Көтмалдыда өткөн оң менен солдун тобунда болгон. Ормон, өнүгүү үчүн кыргыз биригип, бир адамды хан шайлап, ага баш ийүү замандын шарты болуп тургандыгын айтып, сырткы душмандарды айтып, хан көтөрүү демилгесин сунуштаган. Чогулган жалпы бийлер ылайык көрүп Ормонду хан көтөрүшкөн.

Ормондун хан көтөрүлүшүнүн 1825 жылга оорун алгандыгы жөнүндө Б. Солтоноев жана С. Абрамзон кабар беришет. Бул окуянын 1825 туура келиши тарыхый шарттарга көбүрөөк туура келет. Анткени, жамы кыргыз биригип хан көтөрүшү Кокон хандыгы түндүк Кыргызстанга өз бийлик үстөмдүгүн орнотконго чейин мүмкүн боло ала турган орчундуу саясый окуя эле.

Ормонду хан көтөргөн курултайга кыргыздын ири урууларынын өкүлдөрү: сарыбагыштан Жантай, Төрөгелди, Адыл, Түлөберди, Калпак баатырлар; бугудан Боромбай, Балбай баатыр, Өмүр баатыр, Муратаалы; солтодон Жангарач, Тынаалы, Төкөлдөш, Жетикашка, Чыңгыш, Күрпүк; саяктан Алыбек, Черикчи, Качыке; саруудан Ажыбек датка, чериктен Ажыбек баатыр; азык, кушчудан Бүргө баатыр ж. б. уруулардын билерман бийлери келген болчу. Келген элге тогуз ак боз бээ союлуп, Ормон көчмөндөрдүн эзелки каада-салты боюнча ак кийизге отургузулуп, хан көтөрүлөт. Хан белгиси катарында ага кызыл тебетей кийгизишет. Кээ бир маалыматтарга ылайык бул курултайга Кокон хандыгын өкүлдөрү жана түштүк кыргыздарын бийлеп турган Адигине уруусунун бийи Алымбек датка дагы катышкан.

Ормон заманындагы кыргыз

19 кылымдын биринчи жарымындагы саясый абалды эки мүнөздүү көрүнүш менен сүрөттөсө болот. Биринчиден, бул коңшу өлкөлөрдүн Кыргыз Жергесине карата жүргүзгөн баскынчылык маанайдагы саясаты. Бул өңүттө Кокон хандыгы өзгөчө көп ийгиликке жетишкен. Экинчиден, кыргыз урууларынын өз ара ынтымагынын жоктугу. Бир жагынан, уруу бийлеринин кур намысы жалпы ынтымакка кедерги болуп, тышкы баскынчылардын ийгиликтүү болушуна өбөлгө түзсө, экинчи жагынан, коңшу өлкөлөрдүн тышкы саясаты кыргыз биримдигинин ажырымынын андан ары тереңдетип, кыргыз жергесин бөлүп-жарып каратып алууга максатталып, улам бир бийге белек-бечкек, бийлик даража наамдары берилип, куру намыстын курчушуна от жагылып турган.”

Сөөк өчтү душманы болгон калмактардын жок болушу менен кыргыз-кытай мамлекеттеринин жана жайыт жер талашкан казак уруулары менен Абылай хандын алдында кыргыз-казак чек ажыратышкандан кийин, кыргыз эли, салыштырмалуу түрдө айтканда, тынчтык мезгилде жашап турушкан. Кыргыз элинин экономикалык байлыгынын негизин түзгөн төрт түлүк малдан тышкары, тынч элди аралай соода кылган кербендерден түшкөн туяк пул сыяктуу үлүштөр уруу бийлеринин байлыгын арттырып, ар биринин өз алдынча бийлик жүргүзүүгө болгон умтулуусун күчөтө берген.

Ушундай мезгилде жетилген Ормон, биримдик болбосо алакандай кыргыз сырткы душмандарга каршы тура албастыгына көзү жетип, Кыргыз Хандыгын курууну максат кылып, айтылган Хан көтөрүү курултайына алда-мурун даярданып баштаган. Кеңеш доорундагы саясый идеологияга туураланып жазылып калган эмгектердин таасири алдында, кыргыз тарыхында болгон бул олуттуу саясый окуя, Ормон опуза кылып кыргыз бийлерин амал менен чогултуп алып, өзүн-өзү жөн эле хан атап алган маанайда чагылдыруу адат болуп калган.

Чындыгында Кыргыз мамлекетинин саясатынын негизи уруу саясатында жаткандыгын жакшы түшүнгөн Ормон өз саясатын уруу ичиндеги жана уруулар аралык аралык саясатты жүргүзүүдөн баштаган.

Хандык бийликке болгон жол

Хандык бийликке шайланган учурда, Ормондун түндүк кыргыз урууларынын арасындагы саясый бийлигинин негизи түптөлүп бүтүп, хандык даража, анын мурунтан багып келе жаткан, кыргыздардын башын бириктирип бирдиктүү бийлик борборун түзүү, максатын ишке ашырууга расмий жол ачып берген. Ормондун саясый ишмердиги өз ага-туугандарынын арасында кадыр-барк күтүп, алардын башын бириктирип, Төрөгелди баатыр, Калыгул олуя жана Жантай менен достошуп, алар аркылуу сарыбагыш ичиндеги ири – Темир, Атаке, Надыр уруктарын өзүнө тартып, аягында эң ири түндүк кыргыз урууларынын бири болгон сарыбагыш уруусун өз бийлигине көндүрүүдөн башталган. Андан соң, ага чейин өз ара жаңжалдашып турган бугу жана саяк урууларынын ортосуна түшүп, уруу бийлеринин макулдугу менен Төрөгелди баатырдын элин Кочкорго көчүрүп келип, эки уруунун ортосунда сарыбагыш тилкесин жайгаштыруу менен чабышты токтотуу максатын ишке ашыра алган. Мындан соң бугу жана саяк урууларынын арасында анын кадыры өскөн. Бугу уруусунун бийи Боромбайдын уулу Өмүрзакка Кулан деген кызын берген. Черик уруусунун бийи Ажыбек баатыр менен дос болгон. Ормон хан шайланган топту Ажыбек баатыр башкарган жана Ормонду хандыкка сунуштаган бийлердин бири болгон. Кийин Ормон өлгөндө, Ажыбек баатырдын үч арманынын бири – Ормондун кунун кууй албай албагандыгы болгон. Демек, Ормон менен Ажыбек баатыр кан достордон болушкан. Солто уруусунун бийи Жангарач менен да жакшы мамиледе болгон. Ормон өзүнүн хандык бийлигин мыйзамдаштыруудан баштаган. Ормондун хандык бийлигинин мыйзамдаштырылган негиздери эл арасында “Ормон Окуу” деген ат менен белгилүү.

Ормон окуу

Ормон хан көтөрүлгөндөгү мыйзам иретинде кабыл алган тартиптер жана жаза ченемдери. Мисалы, өлгөн адамдын куну, эриш бузгандын айыбы, ат уурдагандын айыбы ж.б.у.с.

Ормон атайын алдырган молдого ислам дининен кабар берген жана өзүнүн ата-бабалары жөнүндө маалыматтарды жаздырган.

Булак: Б.Жамгерчинов “Кыргызы в эпоху Ормон хана”. Труды ИЯЛИ. Вып. 1. 1944. – Фрунзе: Кир. ФАН, 1945.

Ормон хандын триумфу жана трагедиясы

19-кылымдагы кыргыз тарыхында сарбагыш урууларынын лидери Ормон хан өзгөчө орунду ээлейт. Эл оозунда “Кызыл тебетей” деген атка конгон, батылдыгы да, баатырдыгы да бар, ошону менен бирге абдан айлакерлиги менен айырмаланган Ормон хан 19-кылымдагы эч качан ич ара биримдикке келе албаган кыргыз төбөлдөрүнүн күчтүүсү, ошону менен бирге эң эле типтүүсү десек эч бир жаңылбайбыз го.

“Күчтүүсү” деп атаганыбыздын себеби, жалпы кыргыздын башына иш түшкөндө Ормон хан эч качан эч нерседен тартынган эмес жана ар качан жан аябай күрөшкөн.

“Типтүүсү” дегенибиз – канчалык баатыр, айлакер болсо да баары бир көлдүк бугулар менен сарбагыштардын узак жылдарга созулган чабышын токтотууга кудурети жеткен эмес. Ошол чабыштардын айынан акыры өмүрү кыйылган. Эч качан бүтпөгөн кун куумай, барымтага алмай, араздашуулар жана кайра жарашуулар бир муундан экинчи муунга өтүп улана берген. Бул тарых башка жерлерде жашаган кыргыз урууларына да мүнөздүү болгонун эскерте кетели.

Ырас, ич ара ынтымагы жок кыргыз уруулары кокус сырттан жоо келсе, же жалпыга коркунуч туулса, дароо баш кошуп, бир колго топтолуп, катылгандын катыгын берген эл болуптур. Бул тууралуу 19-кылымдагы кыргыздардын кулк-мүнөзүн, маданиятын тыкыр изилдеген орус окумуштуусу академик В.Радлов өз эмгектеринде бир нече жолу белгилейт.

Маселен, жай бою жайлоодо жашап, кышында Чүй суусун тегеректей кыштаган кыргыздар тууралуу жазып келип, академик Радлов “демейде ички ыр-чырдан башы чыкпаган кыргыз уруулары сырттан душман келди дегенде дароо бириге калып, заматта найзага ыктуу, кылычка шыктуу жигиттери ортого чыгып, аттарынын куйругун түйүп, көкүлүн шүйүп, жоо-жарагын шайланып, урушка аттанат” деп айткан жери бар.

Маселен, ошол сыяктуу улуттук баш кошуу көрүнүшү 1847-жылы казактын ханы Кененсары менен Ноорузбай баатыр кыргыздарга кол салганда байкалган. Чүй боорунда жашаган кыргыз уруулары жардам сурап кайрылганда Ысык-Көл менен Нарынды жердеген мекендештер дароо жардамга келип, тынч жаткан калкка кылычын сунуп, калайманды салгандарга катуу сокку урулган. Демейде ымалага келе албай, ар качандан бир качан бири-биринен кун доолап, биринин малын экинчиси тийип, уруш менен чабышта жашаган сарбагыштар менен бугулар да жардамга келип, эзелтен бир туугандыкта жашаган казак менен кыргызды кагыштыргысы келген Кененсары хан менен Ноорузбай баатыр жогоруда аталган Ормон хандын колунан ажал тапкан.

Ормон хан тууралуу сөз болгондо баса белгилеп айта кете турган дагы бир нерсе бар. Ормон хан ич ара ыркы жок кыргыз урууларын баш коштуруп, баарына бирдей хан болоюн, лидер болоюн деген аракетти да жасап көрүптүр. Кытайлык кыргыздардан чыккан атактуу манасчы жана санжырачы Жусуп Мамай атабыздын жазганына таянсак, Ормон 1840-жылы азыркы Балыкчынын жогору тарабына кыргыздардын баш көтөргөн жакшыларынын баарына шашылыш түрдө кабар айттырып, чакыртып алат. Максаты – эптеп элди бир ыкка көндүрүп, кандай айла-амал болсо да өзүн жалпы кыргызга бирдей хандыкка көтөртүү болгон экен.

Бул окуя тууралуу биздин заманга чейин жеткен маалыматтар абдан эле ар түрдүү. Кээ бир булактарда “кыргыздар биримдикке келген, чындап эле Ормон баатырды хандыкка көтөргөн” деп айтылса, кээ бир булактарда “хан болуп шайланыш үчүн Ормон бугулар менен сарбагыштардын эч качан бүтпөгөн жаңжалын атайлап шылтоо кылган” деп белгиленет. Айтор, Ормон баатырдын бул аракетин кантсе да улуттук баш кошуунун маанисин аз болсо да түшүнүү, ошого карата эң биринчи аракеттерди жасоо деп бааласак туура болот го.

Ушул жагынан алып караганда Ормон хандын инсан катары тагдыры абдан типтүү тагдыр, азыр да сабак боло турган кейиштүү тагдыр десек эч бир жаңылбайбыз. Ормон хандын тагдыры, эгер элестүү айтсак – бул триумф жана трагедия, жеңиш жана жеңилүү.

Өмүр жолунда жасаган бир катар улуттук маанидеги эрдиктерине карабай, Ормон хан кыргыздардын ич ара чабышында каза болгон. Башкача айтканда, тышкы душмандардын колунан эмес, ички араздашуунун айынан мерт болгон. Ормон баатырдын, жалпылай айтсак, жалпы кыргыз элинин трагедиясы мына ушунда жатат. “Манас” эпосунда эл атасы, журт медери Манастан айрылып, катуу күйүттө калган хан Бакайдын арман кылып айткан мындай бир укмуштуудай сөздөрү бар эмеспи:

Кабылан Манас барында,

Калмак менен кагышып,

Өлбөгөн жерде калышып,

Ошондо өлбөй не болдум.

Анын сыңары хан Ормон сырттан келген жоо менен кармашта эмес, кыргыздардын ички кагылышында азыркы Түптүн баш жагында баткакка батып, астындагы атынан ажырап жөө калганда найзадан өлүм тапкан.

Бугуларга турмушка чыккан кызы Гүланданын колунда катуу жарааттан кансырап, түн ортосунан ооп, жылдыз толгондо дүйнө салган. Хан Ормондун турмушу жана тагдыры – бул триумф жана трагедия дегенибиз да ошондон эле.

Албетте азыркы замандагы кыргыздын жаңы муундары үчүн бул сыяктуу тарыхый баяндар эски замандын кейиштүү элестери, актуалдуулугун эбак жоготкон легендалары сыяктуу угулушу толук мүмкүн. Бирок “Тарыхтын эң маанилүү таалими – анын сабактары” деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары эскинин сабактарын ар дайым эске ала жүрбөсөк, жаңы замандын керегесин жакшылап тикелей албай калышыбыз толук ыктымал. Ошондуктан Ормон хан сыяктуу бабаларыбыздын тагдырын ар дайым эстеп, эрдигин эстен чыгарбай, Бишкекте коюлган атчан эстелигинин жанынан ар дайым таазим кыла өткөнүбүз туура болот.

Осмонакун Ибраимов,  “Азатттык” радиосу

Айбат гезити №50



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru