Айбат » Акылбек Халматов, Кыргыз күрөшү федерациясынын түштүк аймагы боюнча өкүлү: “Кыргыз күрөшү эл аралык деңгээлге чыгат деген үмүтүбүз бар”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Спорт » Акылбек Халматов, Кыргыз күрөшү федерациясынын түштүк аймагы боюнча өкүлү: “Кыргыз күрөшү эл аралык деңгээлге чыгат деген үмүтүбүз бар”

Халматов Акылбек-Акылбек мырза, түштүк аймагындагы кыргыз күрөшү федерациясына түштүк аймагы боюнча өкүлү болуп келишиңизге эмне түрткү болду?
-Мени бир тууганым иним Асылбек Халматов күрөштө жүрүп бир топ ийгиликтерди жаратууга белсенип келет. Иниме окшош спорт менен жүргөн балдарды машыктырып жүрдүм. Ошол маалда машыга турган жайларыбыздын жоктугунан бир канча көйгөйлөр жаралып, ага өз салымымды кошоюн деген жакшы ниеттер менен кыргыз күрөшү боюнча машыктыруучу Майрамбек мырза менен жолугуп сүйлөштүм. Ал менин сунушумду дароо кабыл алып, федерация президентин шайлоого катыштым. Ошентип, бу федерациянын өкүлү болуп калдым.
-Федерация президенттигине кимдер талапкерлигин көрсөттү эле?
-Бир гана талапкер болгон. Ал Эмил Өмүракунов. Аны бир добуштан колдоп, шайладык.
-Эмил мырза федерацияга келгени силердин үмүттү актап жатабы?
-Актап жатат. Жакшы иштеп жатат. Анткени, буга чейин федерацияга келгени эч кандай иштер болгон эмес. Эмил Сүйүналиевичтин жетекчи болуп келгени түндүк-түштүктү бириктирди. Түштүк аймагы боюнча күрөшкө маани берилип, тың, кыйын балбандардын башын бириктирди. Күрөшө турчу маттар буга чейин жок эле, аларды алып келип жатат. Азыркы тапта алгылыктуу программалар менен иш алып барып, кыргыз күрөшүн өнүктүрүүгө аракеттерди көрүүдө.
-Биздин балбандар чет элдик маанидеги турнирлерге, таймаштарда кандай ийгиликтерге жетишүүдө жана федерация президенти тарабынан кандай колдоолор болуп жатат?
-Албетте, бир тууган иним Асылбек Халматов үчүн 14-августта Иранда өтө турган Эл аралык турнирге даярданууга Ысык-Көлгө барып машыгууга болгон шарттарды түзүп берди. Тилекке каршы ден-соолугуна байланыштуу аталган турнирге бара албай калды. Андан сырткары, 24-август күнү Дүйнөнүн биринчилигине тандоо туру болуп өттү. Ал тандоодо Ош облусунун Кара-Суу районунан Кочкоров Мырзабек 70 кг. салмак боюнча биринчи орунду ээлеп, Польшада өтө турган Дүйнө чемпионатына жолдомо алды. Бул жогорку деңгээлдеги беттешке даярданууга да Эмил Өмүракунов шарттарды түзүп, өз колдоосун көрсөттү. Ошентип, биздин үмүтүбүз ишке ашып Мырзабек Кочкоров Дүйнө чемпиондугун багындырдырып, ак калпагыбызыды кийип кыргыздын намысын коргоп келди.
-Кыргыз күрөшү азыркы тапта кандай иштерди жасап жатат?
-Биздин балдар 7-9-ноябрда Бишкекте өтө турган Кыргыз күрөшү боюнча өтө турган мелдешке 10-15 спортчу машыгып, катуу даярдыктарды көрүүдө.
-Кыргыз күрөшүнүн түштүк аймагынын өкүлү экенсиз. Буга кайсы аймактын балбандары кирет?
-Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун бардык райондорунан спорт ышкыбоздору бар. Алар азыркы тапта борбор калаада жакында боло турган мелдешке даярдыктарды көрүп жатат.
-Кыргыз күрөшүнөн тышкары “лейлек” күрөшү деген бар эле. Учурда көп чыкпай калды. Өзүңүз Баткендин кулуну катары “лейлек” күрөшү менен кыргыз айырмасы кандай?
-“Лейлек” күрөшү Баткендин деңгээлинде күрөшүп келсе, кыргыз күрөшү болсо Кыргызстандын деңгээлинде күрөшүп келет. Ал эми кыргыз күрөшү федерациясынын президенти Эмил Өмүракунов кыргыз күрөшүн эл аралык деңгээлге көтөрүүгө аракеттерди жасайбыз деген. Кыргыз күрөшү эл аралык деңгээлге чыгат деген үмүтүбүз бар.

Маектешкен: Жыргал Бердибеков

Айбат гезити №51



Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Акылбек Халматов Замандашта иштеймин депРФда кара тизмеге тушкон бир аялды алдап 22000мин суммадагы акчасын алып,РФдан кара тизмеден чыгартып берем деп алдап кеткен.Сураштырсак ал алдамчы мощенник болуп чыкты.Ушул адамга жолуккандар сак болунуздар мага окшоп алданып калбаныздар.

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru