Айбат » Жети-Өгүз менен менен Жалал-Абаддагы митингдердин көшөгө артындагы «капитандары» «хор» менен «ырдашууда»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жети-Өгүз менен менен Жалал-Абаддагы митингдердин көшөгө артындагы «капитандары» «хор» менен «ырдашууда»

1Жети-Өгүз районунда адегенде тынчтык митинги менен башталып, андан кийин жол тосуу, тополоң менен уланган акциянын көмүскөдөгү демөөрчүлөрү менен «дирижерлору» Азимбек Бекназаров, Акматбек Келдибеков, Эркин Бөлөкбаев, Кубанычбек Исабеков, Өмүрбек Бабановдор экендиги жергиликтүү тургундар тарабынан да айтылып, массалык маалымат каражаттары да жазып чыгышты.

Адегенде алгачкы күндөрү ысымдары аталган саясатчылар «ак» же «көк» дешпей, астыртан гана дымып жатышты. Анан окуя курч мүнөзгө өтө баштаганда биринин артынан бири ийининен чыга калган суурлардай болуп, актанып киришти. Адегенде Азимбек Бекназаров: «Менин бул митингге эч кандай тиешем жок, бирок алардын аракетин колдойм» деп чыкты. Эгерде алардын аракетин колдой турган болсо, эмнеге ошол жерде болгон жок? Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, «Кумтөр» үчүн күйүп жатса, элдер таш менен койгулашып жатканда: «Андай кылган болбойт, мыйзамдуу жол менен кетели» деп баш-көз болуп турса болот беле? Тилекке каршы, Бекназаровдун антип айтканга акылы жетип турса да, көкүрөгүндөгү бийликке болгон таарынычы андай кадамга жетелеген жок окшойт. Тескерисинче, ушул жерден бийлик бир калпыс кадамга барып, анча-мынча адамды окко учуруп жиберсе экен деп тиленип жаткандай эле таасир калтырды. Чындыгында Бекназаровдон башкача деле кадамды күткөн эмеспиз. Анын бул жарыкчылыктагы алган багыты касиеттүү Мекенибизде кайра-кайра тополоң жасап, кайра-кайра күлүн көккө сапырып туруу окшойт. Дайыма эле өзү «жер төлөгө» жашырынып алып, куулугу жок карапайым элди алдыга салып коюп, бардык азап-тозогун тарттырып, анан өзү дайыма миллиондорду «басып» жыгылып жүрүп көнүп да калгандай. Бул жолу да алаканын ушалап: «Жети-Өгүздөгү кырдаал курчуй берсе экен» дегенсип, «жер төлөдөн» башын анда-санда чыгарып коюп жатат. Болбосо, ал жакта жарадар болгон дагы адамдар бар. Жок дегенде ошолордун акыбалын сураш үчүн дагы барып койсо жарашмак. Анан дагы бул тополоңду басуунун ордуна кайра: «Эми жер-жерлерде элдик бийликти орнотушат» дейт Азимбек мырза. Мына эмесе, өзүнүн сөзүнө өзү каршы сүйлөп жатканын билбей калды көрүнөт. Адегенде, мен бул митингке тиешем жок дейт дагы, кайра алар эми элдик бийликти орнотот деп так кесе жооп берет. Алардын андай кадамга бара тургандыгын, окуяга тиешеси жок адам кайдан билмек эле? Ал антип айтып оозун жыйгыча чындап эле Жалал-Абадда облустук администрацияны 200—300дөй адам басып алып, бизнесмен Медербек Үсөновду «Элдик губернатор» кылып жарыялап жиберишти. Мына ушул жерден эски бийликтин, тактап айтканда бакиевдердин кулагы «тикчие» түштү. Себеби, Медербек Үсөнов Бакиевдер бийликке келген 2005-жылдан 2010-жылга чейин эле эбегейсиз байлыкка ээ болуп, азыркы тапта Жалал-Абад шаарында кафе, ресторан, түнкү сауналарды иштетет. Бул туурасында «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү маалымат жыйынында билдирди.

Алардын айтымында, аталган «элдик губернатор» Ахмат жана Адыл Бакиевдердин бизнес-өнөктөшү болгон. Алар менен биргеликте Жалал-Абадда бизнесмендердин бизнестерин рейдерлик жол менен басып алууларга катышкан. Бакиевдердин канатына калкаланып алып, Кытайдан Кыргызстанга мыйзамсыз эт ташыган экен. Бүгүнкү күнгө чейин эч кандай мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Учурда Азимбек Бекназаровдун «Эл үнү» деп аталган кыймылынын Жалал-Абад облусу боюнча координатору. Демек, Азимбек мырза канчалык так секирип: «Митингке менин тиешем жок» десе дагы, анын башкы уюштуруучусу экендиги ушул жерден ачык эле көрүнүп калбадыбы? Убагында бакиевдерди укмуштуудай жамандап жүргөн Бекназаров бүгүн алар менен бир катарда болуп, өзү айтып жүргөн «Бакиевдин куйруктарына» адвокат болгону аз келгенсип, алардын канатында калкаланып оокат кылган, мыйзамсыз байыган Медербек Үсөновду дагы Жалал-Абад облусу боюнча өзүнүн ишенимдүү адамы кылып алганы эмнеден кабар берет? Бул Бекназаров миллиондорду табуу үчүн шайтан менен дагы дос боло берет дегенди түшүндүрүп турбайбы? Бекназаровдун бул митингке тиешеси бар экендигин дагы бир коомдук бирикме «Элдик сакчынын» командири Алга Кылычев тастыктайт.

Анын айтымында, бул митингдин артында Азимбек Бекназаров, Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровдор турат. Алар Ысык-Көл аймагындагы айылдын тургундарын бири-бирине каршы тукургулары келип жатканын айтат. Ырасында эле Бекназаров Барскоондун элин көтөрүп, «Кумтөргө» кеткен жолго митинг уюштургусу келгенде, жергиликтүү эл ага каршы экендигин ачык эле билдиришкен болчу. Ошондон улам Азимбек мырза өзүнүн туугандарын издеп Саруу айылына барып жүрбөйбү. Бирок, саруулуктар Бекназаровдун чыныгы жүзү кандай экендигин дагы деле жакшы түшүнбөй жатышат көрүнөт. Анүчүн аларга Аксыдагы окуяны эле айтып койсок жетиштүү болор. Акаевдин убагында Азимбек Бекназаровду колдоп чыккан жердештери окко учкан болчу. Мына ошолордун аркасы менен тез аранын ичинде эле популярдуулукка жетишкен Бекназаров эки жолу Башкы прокурор болуп турганда бул маселеге чекит кое алган жок. Күнөөлүүлөр азыркы күнгө чейин жазасын алган жок. Ал эми Бекназаров болсо, анда каза болгон балдарды эсинен таптакыр эле чыгарып салган. Кандай гана революция болбосун, андан мамлекетибиз улам жардыланганы менен Азимбек мырза байып баратат. Эми ага аксылык туугандар ишеним артпай калганын түшүнгөн Бекназаров, Ысык-Көлгө барып Саруу айылындагы туугандарына жармаша баштады. Бирок, алардын башына дагы каран түн түшө турган болсо, эзели Бекназаровдун куйругун да кармай албай калышаарын саруулук мекендештерибиз азыртадан билип алышса жакшы болот эле. Жогоруда айтып өткөнүбүздөй бул митингди көшөгө артында уюштуруучулардын бардыгы коендой окшош «Менин тиешем жок, бирок аларды колдойм» деген жооп берип жатышкандарын айттык эле. Мисалы, Эркин Бөлөкбаевдин жообун алалы. Ал дагы эч тартынбастан эле, Бекназаровдун жообун кайталайт. Ага кошумча: «Алар митингди ашар жолу менен өткөрүп жатышса керек» дейт. Мына эмесе, Эркин «баурум» Жети-Өгүздүн элин келесоо ойлоп жатабы? Кыргызда ашар жолу менен кимдир-бирөөнүн үйүндөгү жумушун жасап берет, кайрымдуулук иштерди жасашат. Бирок, мыйзамсыз иштер үчүн ашар жолу менен иш кылып көрүшкөн эмес. Анын үстүнө бул жерде бардыгы конкреттүү көрсөтмө менен кетип жатканы көрүнүп эле турбайбы.

«Кумтөр-гейт» операциясынын дагы бир «дирижеру» Акматбек Келдибеков 1-июнда маалымат жыйынын өткөрүп, адатынча өкмөттү «сөгүп», ара чолодо актанганга да жетишти. Ал Жети-Өгүздөгү акцияны уюштурбаганын, себеби, ал убакта чет өлкөдө жүргөнүн билдирди. Бирок, чет өлкөгө кандай максатта барганын ачык айткан жок. Ошондой эле Бекназаров, Бөлөкбаевчесинен «ырын» ырдап, нааразычылык акцияларын колдой турганын ырастады. Кудум үчөө тең сүйлөшүп алгансып билдирүү таратышканын баамдап атасызбы?

Айтор, Жети-Өгүз менен менен Жалал-Абаддагы митингдердин көшөгө артындагы «капитандары» бирдей «ырдап» жатышат, тактап айтканда «хор» менен «ырдашууда». Мамлекетибизди качанкыга чейин мына ушундай дили кайыр, өз элин өрткө таштап, анын эсебинен байыганды сүйгөн, эки жүздүү, көкүрөгү бош адамдар ийиктей чимире берет? Балким ушуга окшогондорду да дүңүнөн Кыргызстандан кууп чыксак кантет, ыя?



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru